Бактылуу рухта жакыр бир туугандар, байый албай рухий жактан кыйналгандар.
Мен эмес, Теңир айтат: “Ишенгиле! Силерсиңер бейиш шаарда жыргап – куунар”.
Бактылуу тынчтыкты түзүүчүлөр, өзү эмес, өзгөлөргө күйүүчүлөр!
Мен эмес, Теңир айтат: “Ишенгиле! Силерсиңер бейиш шаарга кирүүчүлөр!”
Бактылуу Ыйсаны күтүп жашагандар! Анын ысмын бүт ааламга жар салгандар!
Сүйүнгүлө, кубангыла, шаттангыла! Силерсиңер бул дүйнөдөн тандалгандар!
Бактылуу жогорудан төрөлгөндөр! Кудай үчүн кордукту көп көргөндөр!
Басынтса да силерди бул дүйнөдө, силерсиңер Кудайымдын жүзүн көрөр.
Бактылуу тобо кылып кайрылгандар! Ыйса үчүн жакынынан айрылгандар!
Жер үстүндө басынтса да силерди, силерсиңер асманда таажы алаар.
Сүйүү
Адамдык тилде сүйлөп, ал гана эмес, периштелер тилинде сүйлөп жатып, ал эми башкаларды сүйө албасам, каңгыраган жездин же даңгыраган темирдин доошунан эмнем артык?
Пайгамбар касиетин Кудай берип, түшүнүп турсам дагы бүт сырларды, билимдин чокусуна жетип барып, тоолорду козгой алган ишенимге ээ болуп, ошондо да сүйө албасам, анда мен эч нерсеге татыбаймын.
Таратып колумдагы мал – мүлкүмдү жардыларга, денемди азаптарга, бүтүндөй өрттөлүүгө берип салып, дагы эле башкаларды сүйө албасам, анымдан түк пайда да болбойт мага.
Сүйүүнүн чыдамы мол, кайрымы зор, кызганбайт, мактанбайт ал, бой көтөрбөйт.
Адепсиздик кылбайт сүйүү, керт башынын пайдасын көздөбөйт да ачуусуна алдырбайт, башкаларга кек сактабайт.
Сүйүүнү кубандырбайт адилетсиздик, акыйкат өкүм сүрсө сүйүнөт ал.
Баарына болот сүйүү көтөрүмдүү, эч жазбайт ишенимден, колун үзбөйт үмүттөн, бардыгына чыдап келет.
Пайгамбарлык сөз айтуу токтойт бир күн, сүйлөнбөй кала берет бөтөн тилдер, жоюлат билим дагы. Бирок сүйүү жок болбойт, түбөлүккө өмүр сүрөт.
Азыртан биле албайбыз бардыгын биз, чектелген пайгамбарлык касиет да.
Ал эми жеткилеңдик келген кезде чектелүү бүт нерселер артта калат.
Кичинемде балача сүйлөп мен да, балача баамдап баарын, ой жүгүрткөм. Ал эми эр жеткенде таштап салдым мурдагы жаш балалык адатымды.
Азыртан көргөнүбүз – элес – булас, күзгүнүн күңүрт тарткан айнегине чагылышкан. Ал эми келечекте бардыгын биз бетме – бет көрө алабыз. Чектелген ушул чакта билгендерим, ал эми келечекте билип калам, Кудай мени дайыма тааныгандай, мен дагы бүт бардыгын толугунан.
Ошентип, үч нерсе бар ушул тапта: ишеним, үмүт, сүйүү. Бул үчөөнөн баарынан улуусу бар. Ошол – сүйүү.
(Корунттуктарга жазылган биринчи кат, 13 бөлүм).