This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.
“Ушул эле болгондо” же “Ушул эле болбогондо” деген вирус жалпы адамзатты каптап турган учуру эмеспи. Бул вирус өзгөчө өзүнө төмөн баа берип, өзүн аяган, башкалардын ийгилигин көрө албаган адамдардын арасында күч алган. Бул коркунучтуу вирус жашоонун баардык сферасын бузуп, алдан тайдыртып, позитивдик ниеььен таптакыр алыстатат. Ал эми бул вирустун симптомдорун төмөнкү ойлор келип жатканда билсек болот: “Менде болгону көбүрөөк акча болгондо”, “Бизде болгону батирибиз же үйүбүз жакшы болгондо”, “Эгерде мен ушундай начар үй-бүлөдө төрөлбөгөндө”, “Эгерде менин балдарым болгондо”, “Эгерде менин балдарым эле болбогондо”, “Эгерде менде келишимдүү келбет же сулуулук болгондо”, “Эгерде жеке ишканам ийгиликтүү болгондо”, “Ушул кырсык мени менен болбогондо”, “Атам менен апам ажырашпаганда”, “Досторум көбүрөөк болгондо” жана башкалар.
Бул тизмени чексиз уланта берсек болот. Бул оорунун башталышы мындайча: “Эгерде менде ушул гана болгондо” деген ой менен, өзүн аяп, иш кылууга каалоосу жоголуу менен башталып, депрессия менен коштолот. Жакшынакай адамды жашоонун мындай образы көңүлү чөккөн, өзү иш кылбаган, бирөөнүкүн көрө албаган, эч нерсеге жөндөмсүз, кыймылсыз оорукчан адамга айландырат. Көпчүлүк учурда да биз бир нерсеге ээ болуу максатындай наалыйбыз. А бирок Кудайдын берчү жолу, биздин бир нерсеге жетүү жолубуз-наалуу эмес.
Бирок ага карама-каршы нерсени кылсак башкача айтканда ыраазычылык келтирүүдөн эмне пайда болду экен? Учурдун окумуштуулары ыраазычылык келтирип жашоонун кандай пайдасы бар экенин изилдеп чыгышкан экен. Алар төмөндөгүдөй: Ыраазы болгон адамдар башка адамдар менен оңой тил табыша алышат. Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө ылайык ыраазы болуп жашаган адамдар агрессиянын аздыгы, касташпагандыгы жана депрессияга көп түшпөгөндүгү менен айырмаланышат. Ар дайым позитивдүү эмоция менен жүрүшкөндүктөн, коомдо башка адамдарга жагымдуу сөздөрдү арнап, кубаныч-кайгыны тең бөлүшө билип, көптөгөн досторду күтүшөт жана да ыраазы болгон адамдар сезимдерин, идеяларын, баалуулуктарын башкалар менен ачык бөлүшө алышат.
Кудай Сөзүндө Хабакук пайгамбар мындай деп жазган экен "Анжыр гүлдөбөй калса да, жүзүм сабагы мөмө бербей калса да, зайтун дарагы жемиш бербей калса да, эгин талаасы аштык бербей калса да, короодо майда мал калбай калса да, акырларда байланган бодо мал калбай калса да, мен Теңирим менен кубанам, мени куткарган Кудайым менен шаттанам. Кудай-Теңир менин күчүм, Ал менин буттарымды бугунун буттарындай кылат, мени өзүмдүн бийик жерлериме чыгарат!" Хаб 3:17-19.
Бул аяттар аркылуу бул учурду мындайча түшүнсөк болот: “Күйүүчү майдын баасы көтөрүлүп, соода түйүндөдүн баары жабылып, интернет, вай-файлар өчүп, смартфондор колдонуудан чыгып, мен экзамендерден кулап, жумушка кире албай калсам да Теңир менен кубанып, куткарылганыма сүйүнөм. Кудай-Теңир – менин күчүм. Ал менин буттарымды чемпиондукундай кылып, баш айландырган бийиктикке чейин көтөрөт”.
Ээ болгубуз келген нерсени Кудайдан кантип суроо керек экенин да Кудай Сөзү айтат "Эч нерсе тууралуу кам санабагыла, ар дайым сыйынганда жана жалынганда, каалооңорду ыраазычылык билдирүү менен Кудайга айткыла." Фил 4:6. Каалоону наалуу менен эмес, ыраазычылык билдирүү менен Кудайга айталы.