• Башкы бет
  • Сабактар
    • Аудио сабактар
    • Textual Lessons
    • Video Lessons
  • Макалалар
  • Ыйса менен жолугушуу
  • Биз менен байланышыңыз

керемет
0:00

Радио угуу

...же...

Сакталган макалалар

Май 2026
Апрель 2026
Март 2026
Февраль 2026
Февраль 2024
Январь 2024
Декабрь 2023
Ноябрь 2023
Октябрь 2023
Сентябрь 2023
Август 2023
Июль 2023
Июнь 2023
Апрель 2023
Март 2023
Февраль 2023
Январь 2023
Декабрь 2022
Ноябрь 2022
Октябрь 2022
Сентябрь 2022
Август 2022
Июнь 2022
Май 2022
Май 2018
Январь 1970

This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.



Адамдардын берген баасы канчалык маанилүү?

22 Апрель 2026

Бир шаарда жыгачтан жасалган кичинекей адамдар жашашкан. Алар бири-бирин баалоо үчүн бир система ойлоп табышты - ким жакшы иштесе, шаардыктар ага алтын жылдыздарды беришкен, ал эми жумушуна туруштук бере албай, мүдүрүлүп, жана башка ушул сыяктуу кыйналган адамдарга боз тактарды чапташкан. Ал адам болсо аларды жууп же сыйрып ала албайт болчу. Шаардыктардын дээрлик баарында алтын жылдыздар болгон. Шаардын мэринде жалаң гана жылдыздар болгон, ал эми башка тургундарда жылдыздар жана тактар болгон. Бирок бир бала бар болчу - Панчинело, анын бир дагы алтын жылдызы жок, болгону боз тактары бар эле. Ал “Бир дагы жылдызым жок” деп аябай кабатыр болду. Анын тактарынан улам эч ким аны менен баарлашууну жана дос болууну каалабайт жана эч нерсеге жарабайм деген ойлорду дайыма башынан өткөрүп турган. Эреже боюнча, ал ийгиликке жете албайт. Бирок бир күнү ага таза, ак, жаркыраган көйнөк кийген кыз көңүл бурду. Бирок бул Панчинелону таң калтырган жок. Анын бир дагы жылдызы болгон эмес, анан да таң калыштуусу, бир дагы так жок. Эч ким ага бир нерсе чаптайм деп да аракет кылчу эмес, анын жүзүнөн бактылуулуктан нур чачырап турчу. Андан баягы бала “Кандайча сен жылдызсыз жана таксыз жүрөсүң?” деп сураганда, ал “Мен күн сайын Устама барып турам” деген экен. Көптөгөн шаардыктар Устанын бар экендигин билишкен же божомолдошкон. Бирок аны менен эч ким байланышкан эмес жана анын сырткы көрүнүшүн билишкен эмес. Кимдир бирөө Уста аябай алп, балкалары менен шаймандары чоң, күчтүү, курч, өзү болсо болсо өтө сүрдүү деп элестетишкен. Панчинело эмне кылуу керектиги жөнүндө көп ойлонду жана бир күнү кечинде ал башкалар үчүн сактап жүргөн жылдыздарын жана тактарын ыргытып, кандай гана болбосун Устага барып, аны менен сүйлөшүүнү чечти. Ал барып Устадан эмне үчүн баягы кызга тактар жана жылдыздар жармашпайт экенин сурайт. Уста болсо “Ал кызга башкалардын баалоосу эч кандай мааниге ээ эмес, ал өзүнүн баасын жана өзгөчө экенин билгендиктен ага эч нерсе жармашпайт. А эгер тактарга жана жылдыздарга маани берсе алар жармашат. Мен сени кандай эмгек менен, кандай максат менен жаратканымды билсең, сага да жармашпайт” деген экен. Бала Устанын сөздөрү олуттуу экендигин түшүнгөндө, анын сөздөрүнө ишенип, андан кийин анын жашоосу өзгөрүлүп, тактар андан ажырай баштаган.

Кудай бүгүн сиз жөнүндө кандай ойдо? Сиз үчүн Анын айткандары олуттуу жана маанилүүбү? Балким, Кудай сиздин жашоону карап: "Мен аны көптөн бери күтүп жүрөм, качан Мага келет?" деп жаткандыр. Кудай Ышайа аттуу пайгамбары аркылуу мындай деген экен "Жакып, сени жараткан, Ысрайыл, сени жасаган Теңир азыр мындай дейт: «Коркпогун, анткени Мен сени куткарып алдым, Мен сени өз атыңдан чакырдым, сен Меникисиң. Сен суулардан өтүп бара жатканда, Мен сени мененмин, сен дарыялардан өтүп бара жатканда, алар сени чөктүрбөйт. Оттон өтүп бара жатканда, күйбөйсүң, жалын да сени куйкалабайт. Анткени Мен Теңирмин, сенин Кудайыңмын, Ысрайылдын Ыйыгымын, сенин Куткаруучуңмун, сенин кунуңа Мисирди, Эфиопияны бердим, Шебаны да сен үчүн бердим. Сен Менин көз алдымда кымбат, баа жеткис болгондуктан, Мен сени сүйгөндүктөн, сен үчүн адамдарды бердим, сенин жаның үчүн элдерди берем. Коркпо, анткени Мен сени мененмин, сенин тукумуңду чыгыштан алып келем, сени батыштан чогултам." (Ыш 43:1-5) Адамдын көз карашында ошол учурдагы адамдардын баары өз күнөөлөрү үчүн өлүмгө татыктуу болчу. Бирок Кудайдын көз карашы ар дайым адамдыкынан айырмаланып турганы бизге жашоого дем-күч берип келет. Кудай Өз элин ушунчалык сүйгөндүктөн, кайтарып алууга каалоосу бар экенин байкаса болот. Ал “Коркпо, Мен сени жараткам жана куткаргам” дейт. Адам өзүн куткара албайт, Кудай Анын Куткаруучусу. Кудай жараткандыктан, биз коркпошубуз керек! “Өз атыңдан чакырдым” дейт. Көбүнчө ысым адамдардын ата-тегин, мүнөзүн, жасаган иштерин чагылдырат, ысым артыкчылыктардын көрсөткүчү болуп саналат. Кудай болсо сизди сиз татыктуу, бай, тектүү жердин кызы же уулу, ийгиликтүү адам болгондуктан эмес, Кудайдын көз алдында асыл, кымбат жана баа жеткис болгондуктан сүйөт. Ушул эле китептеги дагы бир нече бөлүмдөрдү карасаңыз, айрым фразалар кайталанып жаткандыгын көрө аласыз. Дагы бир жеринде "Теңирди тапканга мүмкүн болуп турганда, Аны издегиле. Ал жакын турганда, Аны чакыргыла. Күнөөкөр өз жолун, мыйзамсыз жаман ойлорун таштап, Теңирге кайрылсын. Ошондо Ал ага ырайым кылат, биздин Кудайга кайрылсын, анткени Ал өтө ырайымдуу. «Менин ойлорум силердин ойлоруңар эмес, Менин жолдорум силердин жолдоруңар эмес, – дейт Теңир. Асман жерден канчалык бийик болсо, Менин жолдорум силердин жолдоруңардан ошончолук бийик, Менин ойлорум силердин ойлоруңардан бийик. Анткени жамгыр менен кар асмандан түшөт, асманга кайтпайт, жерди сугарат, аны өндүргөнгө жана өстүргөнгө жөндөмдүү кылат, ошондо ал үрөн сепкен адамга үрөн, жей турган адамга нан берет. Ошол сымал Менин оозумдан чыккан сөз да кайра Өзүмө бекер кайрылып келбейт. Мен эмнени кааласам, ошону аткарат, Мен аны эмнеге жиберсем, ошону жүзөгө ашырат»." (Ыш 55:6-11) деп жазылган.

Сиз да өзүңүздүн кандай өзгөчө, уникалдуу, Кудайдын көз алдында баа жеткис, асыл жана кымбат экениңизди билесизби?! Күн сайын Устасына барып шаарда эркин жашаган кыздайсызбы? Анын айткандарына ишенесизби? Эгер андай болбосо, анда сизге "жылдыздар жана тактар" жабыша баштагандыр. Балким, ошондуктан сизде көптөгөн коркунучтар, санаалар жана азгырыктар бар. Эсиңизде болсун, Кудай сизди күтүп жатат, Ал гана сизди өзгөртө алат. Ага толугу менен ишениңиз, анткени сиз Ал үчүн өзгөчөсүз!


Ой-пикирлер...
Көрсөтүү үчүн ой-пикирлер жок

Ой-пикир калтыруу...
Ыйса менен жолугушуу

Акыркы макала

Кудайды кантип табам?

Толук маалымат...

Тез шилтемелер


© 2014-2026 Ayanisa