• Башкы бет
  • Сабактар
  • Макалалар
  • Ыйса менен жолугушуу
  • Биз менен байланышыңыз

керемет
0:00

Радио угуу

...же...

Сакталган макалалар

Февраль 2024
Январь 2024
Декабрь 2023
Ноябрь 2023
Октябрь 2023
Сентябрь 2023
Август 2023
Июль 2023
Июнь 2023
Апрель 2023
Март 2023
Февраль 2023
Январь 2023
Декабрь 2022
Ноябрь 2022
Октябрь 2022
Сентябрь 2022
Август 2022
Июнь 2022
Май 2022
Май 2018
Январь 1970

This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.



Жамандык дүйнөгө кантип келди?

16 Июнь 2022

Библия китебинде Жакандын биринчи катынан: "Кудай - жарык, Анда эч кандай караңгылык жок", - деп окуйбуз (1, 5). Кудай таза жана жеткилең (Мт. 5, 48), ошон үчүн периштелер: "Себайот Теңир ыйык, ыйык, ыйык!" - деп үн салышат (Ыш. 6, 3). Ал - жарыктын Атасы (Жкп. 1, 17), ошон үчүн Ал эч качан жамандык жасабайт. Библия жамандыктын пайда болуусун шайтандын күнөөгө батуусу менен байланыштырат. Шайтан башында керуп - жарыктын периштеси болгон, бирок "баарынан жогору турган Кудайга окшош" болууну каалаган (Ыш. 14, 14). Жезекиил китебинде анын текебердиги жана күнөөгө батып кулоосу сүрөттөлөт:

"Сенден мыйзамсыздык табылганга чейин, сен жаралган күнүңдөн бери өз жолуңда жеткилең элең. Сенин соодаң кеңири жайылгандыктан, ичиң жалгандыкка толду, сен күнөөгө баттың. Мен сени таза эмес катары Кудайдын тоосунан кулаттым, калкалап турган керуп, сени оттуу таштардын арасынан кууп жибердим. Сулуулугуңдан жүрөгүң текеберденди. Менменсингендигиң акылмандыгыңдан ажыратты. Мен сени жерге кулаттым..."

Алгачкы адамдар азгырыкка алдырып, күнөөнүн кулу болуп калышкан. Жамандык бул дүйнөгө ошентип кирген. Азезил да бул дүйнөгө ошентип келгени анык: "...анткени биз адамдарга каршы эмес, башчыларга, бийликтерге, бул караңгы дүйнөнүн башкаруучуларына жана асман астындагы жаман рухтарга каршы күрөшөбүз" (Эф. 6, 12).

 


Ой-пикирлер...
Көрсөтүү үчүн ой-пикирлер жок

Ой-пикир калтыруу...
Ыйса менен жолугушуу

Акыркы макала

Кудай атадан кат

Толук маалымат...

Тез шилтемелер


© 2014-2025 Ayanisa