• Башкы бет
  • Сабактар
  • Макалалар
  • Ыйса менен жолугушуу
  • Биз менен байланышыңыз

керемет
0:00

Радио угуу

...же...

Сакталган макалалар

Февраль 2024
Январь 2024
Декабрь 2023
Ноябрь 2023
Октябрь 2023
Сентябрь 2023
Август 2023
Июль 2023
Июнь 2023
Апрель 2023
Март 2023
Февраль 2023
Январь 2023
Декабрь 2022
Ноябрь 2022
Октябрь 2022
Сентябрь 2022
Август 2022
Июнь 2022
Май 2022
Май 2018
Январь 1970

This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.


Кудайдын улуу жашыруун сыры

Кудайдын улуу жашыруун сыры

21 Февраль 2023

Кудайдын улуу жашыруун сыры

Жашооңузду жаңы барактан кайра баштоого берилген мүмкүнчүлүк сиз үчүн жашыруун сыр боюнча калып калышын каалабайсыз да, туурабы? Ал гана эмес, бейиште түбөлүк Кудай менен жашоого алып баруучу өмүр жолу, чындык жолу сизден жашыруун болушуна кандай карайсыз?

         Кудайдын адамдарга болгон сүйүүсү жана кылган иши - бул жашыруун сыр. Ал сырдын ачкычы – Кудай сөзүнө, кылган ишине болгон ишеним. Адил адам ишеним менен тирүү болот. Жашыруун сыр ачкычы - Кудай сөзүнө негизделген ишеним.

         “Кудай Өзүн сүйгөндөргө көз көрбөгөн, кулак укпаган, адамдын оюна да келбеген нерсени даярдап койгон. Бизге муну Кудай Өзүнүн Руху менен ачып берди”.

         “Ишенимдин сыры улуу экендиги шексиз: Кудай адам болуп келди, Анын адил экендиги Рух аркылуу далилденди, Ал периштелерге көрүндү, элдер арасында жар салынды, дүйнөдө ишеним аркылуу кабыл алынды, даңк менен жогору көтөрүлдү”.

“... байыркы замандан бери айтылбай келе жаткан жашыруун сырдын ачылышы боюнча силерди бекемдөөгө Кудайдын кудурети жетет. Бул сыр азыр айкын болду жана түбөлүктүү Кудайдын буйругу боюнча пайгамбарчылык жазуулар аркылуу бардык элдерди ишенимге баш ийдирүү үчүн жарыя кылынган” (Римдиктерге жазылган кат 14, 25 – 26).

 Бул сыр Ыйсанын адамдардын күнөөсү үчүн Өзүн өлүмгө берип куткаруусу болду.

 

 

 

 

“Ал бизди иштерибиздин негизинде эмес, Өзүнүн каалоосунда жана ырайымынын негизинде куткарды. Бул ырайым бизге кылым менен белгиленген убакыт баштала электен мурда Машайак Ыйса аркылуу көрсөтүлөн. Ошондой эле бул ырайым Куткаруучубуз Ыйса Машайак келүүсү аркылуу ачыкка чыкты. Ал өлүмдү жеңип, өмүрдү жана өлбөстүктү жарыкка алып чыкты” (2 Тим. 1, 9 – 10).

Адамдын күнөөсү үчүн Кудайдын өлүм өкүмү чыккан, адамды өлүмдөн куткаруу үчүн күнөөсүз бирөө ал үчүн өлүшү керек болгон. Ошондо Ыйса асмандан жерге түшүп эркек көрө элек кыздан адамдык денеге ээ болгон. Убагы келгенде Ал адамдардын күнөөсү үчүн өмүрүн берип күнөөкөрдүн ордуна өлүп кун төлөп куткарды. Мына ушул Кудайдын куткаруусу жашыруун сыр катары сакталган. Ал сыр Ыйса аркылуу ачылды. Ким Кудай айткан чындык сөзгө ишенсе, куткарылат.

“Анткени күнөө үчүн жаза – өлүм, ал эми Кудайдын белеги – Теңирибиз Машайак Ыйса аркылуу бериле турган өмүр” (Римд. 6, 23) Ыйсага жана Анын ишине ишенген адам түбөлүк өмүргө ээ. Ал Кудай көрсөткөн кечирим жолун ишеним менен кабыл алды. Кудайдын улуу сыры – Анын Уулу Ыйса Машайак аркылуу ырайым кылып, кун төлөп куткаруу.

 

Кудай Сөзүнө ишенип,

Ал сунуштаган кечиримди

кабыл алган адам бактылуу.


Ой-пикирлер...
Көрсөтүү үчүн ой-пикирлер жок

Ой-пикир калтыруу...
Ыйса менен жолугушуу

Акыркы макала

Кудай атадан кат

Толук маалымат...

Тез шилтемелер


© 2014-2025 Ayanisa