• Башкы бет
  • Сабактар
    • Аудио сабактар
    • Textual Lessons
    • Video Lessons
  • Макалалар
  • Ыйса менен жолугушуу
  • Биз менен байланышыңыз

керемет
0:00

Радио угуу

...же...

Сакталган макалалар

Март 2026
Февраль 2026
Февраль 2024
Январь 2024
Декабрь 2023
Ноябрь 2023
Октябрь 2023
Сентябрь 2023
Август 2023
Июль 2023
Июнь 2023
Апрель 2023
Март 2023
Февраль 2023
Январь 2023
Декабрь 2022
Ноябрь 2022
Октябрь 2022
Сентябрь 2022
Август 2022
Июнь 2022
Май 2022
Май 2018
Январь 1970

This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.



Таш ыргытканга, аш ыргыт!

23 Март 2026

   Кечирүү оңойбу? Бул суроого ар ким ар кандай жооп берет. Кечиримдүүлүктүн зарылдыгын түшүнүү жана кечирүүгө аракет кылуу менен көп учурда таарыныч жана ачуу сезимдерди жеңүү кыйын, ал тургай өзүбүздү кечирдик деп ынандырып, калп айтабыз. Таарынткан адамдан акырын качабыз. Чыгуу жолун издеп «Убакыт баарын дарылайт» деп ойлойбуз. Бирок кабатырлануу убакыттын өтүшү менен азайса да, таарыныч кетпей, жүрөгүбүздөн тереңирээк орун алып катып калат. Эмне үчүн? Кептин баары биз бул маселеге башка өңүттөн мамиле кылышыбыз керектигинде. Көпчүлүк адамдар эмоцияны башкара алышпайт. 

   Ошондуктан “Силерди жек көргөндөргө жакшылык кылгыла. Силерди таарынткандар үчүн жана куугунтуктагандар үчүн сыйынгыла” деген рухий мыйзамды үйрөнүшүбүз керек. Көңүл бурсаңыз, бул сөздөр эмоцияны жеңүү керек дегенди билдирбейт. Кеп башка нерсе жөнүндө болуп жатат: кордукка жакшы иш менен жооп бере билүү. Мүмкүн баарыбыз эле кечирген адамыбыз кайра-кайра таарынткан жагдайга туш болобуз. Ошондо кечиримибиз канчага созулду? 

   Бир кытай кыштагында бир дыйкан жашачу. Талаасын сугарыш үчүн алыстан сугат суусун ташып келгенге туура келчү. Ал киши чоң идишин кечинде толтуруп, эртеси таңга маал ачып, талааны сугарчу. Бир жолу талаасына келип, идиши бош калганын байкайт. Бай кошуна суунун баары менен өз талаалары сугарып койгон экен. Мурун дыйкан эмне кылуу керек экенин билчү, бирок жакында эле Ыйсага ишенип калган эле. Дыйкан «Макул, пайдалансын, мен аны кечирем, эртең жерди сугарам» деп ал адамды кечирүүнү чечти. Бирок эртеси эртең менен ошол эле окуя кайталанды. Дыйкан башын чайкап: «Анын жүрүм-туруму такыр жакпаса дагы, кошунамды дагы кечиришим керек» деп ойлоду. Эртеси эртең менен ошол эле окуя кайра кайталанганда, дыйкан чыдай албай: «Болду, жетишет бул кылыгына чыдай албайм!» деп жакын жерде жашаган досуна бардыгын айтып кеңеш сураганы барат. “Эгинди сугарбасам куурап калат да” дейт. Ошондо тиги карыя: «Түшүмүңөр жарабай калбашы үчүн, бүгүн кечинде өзүңдүн эле эмес, кошунаңдын суу сактагычын да толтуруп кой», - дейт. «Бул эмнеси?», - деп жол бою наалып келген дыйкан суу ташууга убакыт келгенде, досунун кеңешин сынап көрүүнү чечет. Эмне кылды деп ойлойсуз? Талаасы сугарылып гана тим болбостон, андагы ачуу сезимдер да басылды жана дагы бир нерсе: бул окуядан кийин анын досторунун саны бирге көбөйдү. Бул дос ким болгонун айтуу кыйын эмес болуш керек.

   Кечиримдүүлүк өтө чоң нерсе. Бул эмоциялардан көз каранды эмес. Таарынткан адамга тайманбастык менен кайрылууга аракет кылыңыз, ага ал татыктуу эмес жардамды бериңиз. Ошондо ачуу менен таарынычтын басылганын байкайсыз. Башка адамдарга таарынып, бул дүйнөдө жамандыктын жайылышын тездетебиз. Андыктан «Жамандыкты жакшылык менен жең» деген сөз боюнча иш кылалы. Элибизде да “Таш ыргытканга, аш ыргыт” деген сөз бар эмеспи. Албетте мындай кадамдар оңойго турбайт, бирок бул маселеде Кудайдан жардам сурасак Ал жардам берет!


Ой-пикирлер...
Көрсөтүү үчүн ой-пикирлер жок

Ой-пикир калтыруу...
Ыйса менен жолугушуу

Акыркы макала

Таш ыргытканга, аш ыргыт!

Толук маалымат...

Тез шилтемелер


© 2014-2026 Ayanisa