• Башкы бет
  • Сабактар
  • Макалалар
  • Ыйса менен жолугушуу
  • Биз менен байланышыңыз

керемет
0:00

Радио угуу

...же...

Сакталган макалалар

Февраль 2024
Январь 2024
Декабрь 2023
Ноябрь 2023
Октябрь 2023
Сентябрь 2023
Август 2023
Июль 2023
Июнь 2023
Апрель 2023
Март 2023
Февраль 2023
Январь 2023
Декабрь 2022
Ноябрь 2022
Октябрь 2022
Сентябрь 2022
Август 2022
Июнь 2022
Май 2022
Май 2018
Январь 1970

This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.



Эмнеге? Эмнеге? Эмнеге?

28 Сентябрь 2022

 

Адамдар кыйналат эмнеге?

Билишпей тамыры эмнеде.

Жашоодо суроолор өтө көп,

Эмнеге? Эмнеге? Эмнеге? 

 

Суроо көп адамды кыйнаган,

Шумдук көп акылга сыйбаган.

Жакшыны унутуп тез эле,

Жаманды көңүлгө жыйнаган.

 

Биз деле жаңылган бирөөбүз,

Жаңылган жандарга күлөбүз.

Эң жаман экенин сезсек да,

Эмнеге жалганды сүйөбүз?

 

Эмнеге?

Адамдар сүйүшөт өздөрүн? 

Пайдасын көздөбөй өзгөнүн.

Өзүнө жагымдуу болсо эле

Өзгөртүп ар түрдүү сөздөрүн.

 

Эмнеге адамдар ушакчы?

Коркпостон айтышат ушакты.

Талкалап далайды сөз менен

Же биздин баалуулук ушакпы?

 

Эмнеге?

Тууганды шашпайбыз көргөнгө,

Шашылыш жетебиз өлгөндө.

Боорубуз ачыган өңдөнөт,

Көтөрүп баратып көмгөнгө.

 

Эмнеге?

Акыркы күндөрдө балдар көп

Кыйналган айыкпас илдеттен.

Тажаган жанынан жандар көп,

Санаадан жүрөгүн кирдеткен.

 

Баланы бапестеп сүйөбүз,

Өнөр деп көрсөткөн тентегин.

Чоңойсо бул үчүн күйөбүз,

Шыпырса бирөөнүн чөнтөгүн.

 

Өзгөдөн өзгөчө болсун деп

Энелер сулуулайт кыздарын.

Ал нерсе каякка жетелейт

Билишпейт билгизбей сыздаарын.

 

Кем кылбай бөпөлөп өстүргөн,

Балдарды эркелик көптүргөн.

Эр жетип рэкет, мыкаачы,

Бейкүнөө жандарды өлтүргөн. 

 

Айтууга оозуң да барбаган,

Ойлосоң акылга сыйбаган.

Айбандай атаны угабыз,

Кызынын абийирин булгаган.

 

Калтырып ата - эне балдарын,

Акча деп алыста жүрүшөт.

Туугандын колунда балдары

Заарканып, корунуп, бүрүшөт.

 

Чоңоет сүйүүгө канышпай,

Эңсешет, бирок таап алышпай.

Кусалык бөксөрүп күн сайын,

Акыры калышат таанышпай.

 

Аңдышкан абысын айынан

Бөлүнүп ага - ини арасы.

Күн сайын ыдырап ынтымак,

Ырбаган жашырган жарасы.

 

Бейкүнөө камалып баласы,

Сагаалап эшигин түрмөнүн.

Келинден запкы жеп кайнене,

Угабыз зар какшап жүргөнүн.

 

Сакалын жайкалткан аталар,

Саамайын ак баскан апалар.

Кыйкырып ак үйдүн алдында

Кол жайып жаштарды баталаар.

 

Эмнеге?

Кечээ эле баш кошкон эки жаш

Дал бүгүн эки айры жолдордо.

Айтыңыз, себеби эмнеде?

Түшкөнү эки айры жолдорго.

 

Көп балдар учурда атасыз

Өсүшөт атанын батасыз.

Канткенде бул жалган дүйнөдө

Жаңылбай жашайбыз катасыз?

 

Жашоонун маңызы эмнеде?

Адамдар ыйлашат эмнеге?

Жообу жок суроолор өтө көп

Эмнеге? Эмнеге? Эмнеге?

 

Ооба, биз билбейбиз эмнеге,

Бирок жооптору бар экен мурда эле.

Эгерде кайдыгер карасак,

Өлгөнчө билбейбиз эмнеге? Эмнеге?

 

 


Ой-пикирлер...
Көрсөтүү үчүн ой-пикирлер жок

Ой-пикир калтыруу...
Ыйса менен жолугушуу

Акыркы макала

Кудай атадан кат

Толук маалымат...

Тез шилтемелер


© 2014-2025 Ayanisa