This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.

Ыйык Китеп 1600 жылдан ашуун убакыт аралыгында жазылган. Аны жазгандар ар башка мезгилде жашаган. Кээ бири билимдүү болсо, кээ бири карапайым эле кишилер болгон. Мисалы, алардын бири доктур, дагы башкалары дыйкан, балыкчы, койчу, пайгамбар жана падыша болушкан. Ыйык Китепти ар түрдүү тектеги адамдар жазса да, анда жазылгандар башынан аягына чейин бири-бирине шайкеш келет. Анын бир бөлүмүндө жазылгандар башка бөлүмдөрүндө жазылгандарга карама-каршы келбейт.
Ал эми Ыйык Китептин алгачкы бөлүмдөрүндө адамзаттын көйгөйлөрү эмнеден башталганы баяндалат. Ошондой эле Ыйык Китептен миңдеген жылдар ичинде болуп өткөн окуяларды жана Кудай өз ой-ниетин дайыма ишке ашырып келгенин билүүгө болот.
Ыйык Китеп илимий китеп же окуу куралы эмес. Бирок анда илимге байланыштуу жазылган нерселердин баары так. Кудайдын Cөзү ушундай болууга тийиш эмеспи?! Алсак, Ыйык Китепке кирген Лебилер китебинде оору жайылбашы үчүн Ысрайыл эли эмне кылышы керек болгону жазылган. Ошол кезде адамдарда бактериялар жана вирустар кандайча ооруну пайда кылары жөнүндө эч кандай түшүнүк болгон эмес. Ошондой эле Ыйык Китепте жердин көзгө көрүнгөн таянычы жок экени айтылган. Андан сырткары, дээрлик элдин баары жер жалпак деп ойлогон учурда Ыйык Китепте анын тоголок экени жазылган.
Тарыхый окуялар жөнүндө сөз жүргөндө да Ыйык Китеп тактыгы менен өзгөчөлөнөт. Көптөгөн тарыхый китептерди, аларды жазгандар чынчыл болбогондуктан, так деп айтууга болбойт. Мисалы, алар өзүнүн элинин кайсы бир согушта жеңилип калганын дайыма эле жаза беришкен эмес. Ал эми Ыйык Китепти жазгандар Ысрайыл элинин жеңилген учурларын ачык жазышкан. Ошондой эле өздөрүнүн кемчиликтерин да жаап-жашырышкан эмес. Мисалы, Сандар китебинде Муса пайгамбар өзүнүн олуттуу күнөө кетиргенин жана ал үчүн жазаланганын жазган. Ыйык Китепти жазгандардын чынчылдыгы Ыйык Китеп Кудайдын Сөзү экенин тастыктап турат. Демек, Ыйык Китепке ишенүүгө толук негиз бар.
Ыйык Китеп Өзү айтып тургандай Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылган жана окутуу үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн пайдалуу. Ал эң сонун кеңештерге бай. Кудай биздин кантип жаратылганыбызды билгендиктен ой-сезимдерибизди эң жакшы түшүнөт. Бизди өзүбүздөн да жакшы билет жана бактылуу болушубузду каалайт. Ал бизге кандай болгондо жакшы, кандай болгондо жаман болорун билет. Ыйык Китеп аркылуу Кудай Теңир бизге үй-бүлөлүк жашоодо, жумушта жана башкалар менен мамилелешүүдө жардам берерлик принциптерди да үйрөтүүдө. Андагы кеңештер менен принциптер, ким болбойлу, кайсы жерде жашабайлы, кандай кыйынчылыктарга дуушар болбойлу, баарыбызга пайдалуу.
Ыйык Китепте алдын ала айтылган көптөгөн пайгамбарлык сөздөр чынында аткарылган. Мисалы, Ышайа пайгамбар Бабыл шаарынын басылып алынарын алдын ала айткан. Атүгүл ал кандайча болорун майда-баратына чейин сүрөттөп жазган. Бабыл шаарын чоң дарбазалар жана дарыянын суусу коргоп турган. Бирок Ышайа пайгамбар ал суунун какшып каларын, ал эми дарбазалары ачык каларын айткан. Душмандар шаарды согушсуз эле басып алмак. Мындан сырткары, Ышайа пайгамбар Бабылды каратып ала турган кишинин аты Кореш болорун да айткан. Ал пайгамбарлык сөздөр жазылгандан эки жүз жылдай өткөндөн кийин бир чоң аскер Бабылды басып алганы бет алган. Ал аскердин башында ким турган? Алдын ала жазылгандай, аны Персия падышасы Кореш баштап барган. Андан кийин да баары Ышайа пайгамбар айткандай болгон.
Ыйык Китепте алдын ала айтылгандардын биздин күндөргө чейин аткарылганы келечек жөнүндө айтылгандардын да аткарыларына ынандырат. Ыйык Жазууда жазылгандар бири-бирине шайкеш келет, ошондой эле илимий жана тарыхый жактан так. Андан тышкары, анда пайдалуу кеңештер, аткарылган пайгамбарчылык сөздөр камтылган. Бирок анын баалуулугу ушуну менен эле чектелбейт. Элчи Пабыл «Кудайдын сөзү тирүү жана таасирдүү»,— деп жазган. Көрсө бул Китеп жашоону өзгөртө алат. Ал силерге кандай адам экениңерди билүүгө, жүрөгүңөрдүн түпкүрүндөгү ойлоруңарды, сезимдериңерди түшүнүүгө жардам берет. Мисалы, биз Кудайды сүйөбүз деп ойлошубуз мүмкүн, бирок Кудайды сүйөрүбүз Ыйык Китепте жазылгандарды иш жүзүндө аткарганыбыздан көрүнөт. Ыйык Китеп, чынында эле, Кудай жаздырган китеп. Кудай аны окуп-изилдешибизди жана сүйүшүбүздү каалайт.