This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.
"Оо, Кудай, сен бар болсоң кайдасың?", "Сен мага керексиң!”, "Мен сага суусап жатам!”, "Сени кантип табам?" Бул чынында эле жүрөктүн жан талашкан кыйкырыгыбы? Чындап эле сен бүтүндөй дүйнөң менен Кудайды жалбарып чакырып, Ал тууралуу кусаланып жатасыңбы? Эмнеге эле Ал дайыма көз алдыңдан суурулуп, таптырбай каяккадыр сүңгүп кетип, Ага бара турган жолду такыр эле таба албайсың? Бул изденүүлөрүңдө сен жалгыз эмессиң. Адамдар бардык мезгилдерде бардык жерден Кудайды издеп келишкен. Эки миң жыл илгери жаш, бай башкаруучу Ыйсага жетип келип, суроо менен кайрылган: "Түбөлүк өмүргө ээ болуум үчүн, мен эмне кылышым керек?» Ыйса жогору көтөрүлүп кеткенден кийин, убада кылган Ыйык Рухун жиберген күнү топ элге кайрылган Анын шакирти Петирден «Биз эмне кылышыбыз керек?», «Кудайды кантип табабыз?» деп сурашкан. Бүгүнкү күүлдөгөн турмушта ирээтсиздиктин башкы себеби, Кудайга, анын сүйүүсүнө болгон кусалыкты ачык айтпагандыкта катылып жатат. Кудайга ээ болууга умтулуу ар бир адамдын табиятында бар. Биздин жүрөктөрүбүз Кудайды тапмайын жай ала албайт. Кудай менен бир болгондо гана жан дүйнөбүздү жай алдырып, акыл-эсибизди тынчыта алабыз. Ыйса азап тарткандарды Өзүнө келип тынчтыкка ээ болууга чакырат. Кудайга муктаждыгыбызды жакшы түшүнүү үчүн, биз анын үлгүсүндө, бейнесинде жаратылганыбызды билгенибиз зарыл. "Анан Кудай мындай деди: «Биздин бейнебиз боюнча Өзүбүзгө окшоштуруп адам жараталы. Алар деңиздеги балыктарга, асмандагы канаттууларга, малдарга, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү жаныбарларга, бүт жер үстүнө бийлик кылышсын»." Башт 1:26. Ар бирибизге Кудайдын бир кичинекей бөлүкчөсү болгон тирүү жан салынган. Биздин жаныбыз өзүнүн Жаратуучусу менен туура байланышуудагы айкалышууну самайт. Забурчу Дөөт мындай дейт: "Менин жаным күчтүү, тирүү Кудайды каалайт: Кудайдын алдына качан барып турам? Ар күнү мага: «Сенин Кудайың кана?» – дешкенде, көзүмдүн жашы мен үчүн күнү-түнү нан ордуна болгон." Заб 42:2-3. Адамдын тирүү жанын тирүү Кудай гана канааттандыра алат!
Кудайды табуу менен Дөөт өзүнүн эң эле ыйык сактаган сезимдерин сөз менен мындай деп берет: "Дөөттүн забуру. Теңир менин Кайтаруучум. Мен эч нерсеге муктаж болбойм." Заб 23:1. Анын жанынын талаптары канааттандырылган. Ал Жаратуучусу менен жолукканда келе турган жан дүйнө тынчтыгы кандай болорун билди. Даңктоо ырларынын биринде мындай дейт “Анткени Ал суусагандын суусунун кандырды, ачка болгонду жакшылыкка тойгузду." Заб 107:9. Кудай реалдуу. Аны кадимки адамдык жөндөмдүүлүктөр менен көрүүгө, табууга, түшүнүүгө болбосо да, Анын бар болгондугу, азыр да бар экендиги жана түбөлүк боло тургандыгы четке кагууга мүмкүн эмес факт! Кудай бар! Бул тууралуу эч качан шектенбе! Кудайды табуу үчүн, баарынан мурда Анын бар экенине жана Анын сүйүүсүнө бекем ишенүү керек. Бирок, Кудай кайда жайгашкан? Ал бир эле убакта тиги жерде да, бул жерде да боло алабы? Ооба, Ал бардык жерде! Кудуктун жанынан жолуккан аялга Ыйса Кудай бардыгын, бардык жерди каптап турган Рух экенин айткан. Ал Өзүнүн бар боло турган жерин алыс, кол жеткис асман менен, ийбадатканалар, сыйынуу үйлөр менен чектебейт. Ал ак мөңгүлүү чокуларда, өрөөндөрдө, асманда, деңизде, сиздин үйүңүздө, машинаңызда, бардыгында. Азыркы учурда да Ал сизди курчап турат. Кудайдын адамы Жакып, Кудай ага көрүнбөй анын жанында тургандыгын айткан. Ошол сыяктуу эле биз дагы күнүмдүк, жердик түйшүктөр менен ушунчалык жүктөлгөндүктөн, Ал жаныбызда турса да, Анын катышын билбей, сезбей калабыз. Биз Анын көрүнүшүнүн кандайдыр бир зор кереметин күтөбүз да, биздин ичибизде үн салган, акырын, тынч үнүн тааныбайбыз. Биз токтоп, акырын көз салып, тыңшап көрүшүбүз керек, ошондо гана биз Ага болгон ишенимибизден Аны көрүп, түшүнүп, уга алабыз!