• Башкы бет
  • Сабактар
  • Макалалар
  • Ыйса менен жолугушуу
  • Биз менен байланышыңыз

керемет
0:00

Радио угуу

...же...

Сакталган макалалар

Февраль 2024
Январь 2024
Декабрь 2023
Ноябрь 2023
Октябрь 2023
Сентябрь 2023
Август 2023
Июль 2023
Июнь 2023
Апрель 2023
Март 2023
Февраль 2023
Январь 2023
Декабрь 2022
Ноябрь 2022
Октябрь 2022
Сентябрь 2022
Август 2022
Июнь 2022
Май 2022
Май 2018
Январь 1970

This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.


Туура багыт

Туура багыт

15 Июнь 2022

Баарыбыз эле Кудайга ишенем деп айтып келебиз, бирок канчалык туура же туура эмес ишенип жаткандыгыбызды баарыбыз эле текшере бербейбиз. “Жараткандын улуулугун, боорукердигин жана ырайымдуулугун ишеним аркылуу гана түшүнө алабыз”, - десем, каршы болбоссуз. Биз ишеним аркылуу гана Кудай Теңирди таанып, ишеним менен түз жолго түшөбүз.

            “Туура ишенип жаткандыгыма ким кепил боло алат?” – деген суроо туулат. Кай бирибиз өз көзүбүз менен көрмөйүн ишенбейбиз; башкаларыбыз – өз көзүбүз менен көрүп турсак да ишенбейбиз. Үчүнчүлөрү – укканынын баарына электен өткөрбөй эле ишене берет. Адамдар ушундай ар кандайбыз.

            Кээде ишенгибиз келип турган нерсе тууралуу миң түркүн пикир угуп, башыбыз маң болот. Мындай учурда эмне кылуу керек?  Каада – салт аркылуу Кудайды таанууга жана  тозок – бейиштин аныктыгын билүүгө мүмкүн эмес. Өлгөндөн кийин кайда болоорубуздун жана күнөөдөн кечирим алуунун жолдору жабык. Эч бир негизи жок адамдык эрежелерге таянып, кечирим алууга умтулабыз.

            Чыныгы ишеним – Кудай адамдарга пайгамбарлар аркылуу берген убадаларга негизделет. Кудайга ишенимсиз жагууга мүмкүн эмес! Кудайга келген адам Анын бар экендигине жана Аны издегендерге Ал ачылып берээрине ишениши керек. Чыныгы ишенген адам Кудай менен тирүү байланышка ээ болот. Ал Кудайдын бар экендигин жана Кудайга ишенүүсү аркылуу эмнеге ээ болорун жакшы билет. Кудайдын убадаларына таянып жашайт.

            Ишеним – бул үмүттөнүп күтүп жаткан нерсенин ишке ашаарынан шектенбөө жана көрүнбөгөн нерсеге бекем ишенүү.

            Кудайдын бар экенине ишенүү – жөн гана маалымат. Бул нерсе атаңдын бар экенин билип, бирок анын ким, кайда экенидигин билбегенге барабар. Туура ишеним адамга Кудайдын бар экендигин гана эмес, ошондой эле, Кудай берген убадаларды да ачып берет. Кудайдын осуяттарын аткарып, Анын убадаларына ишенип, алардын аткарылышын күтүп жашаган адам – чыныгы ишенимге ээ болгон адам.

            Нух пайгамбардын учурунда адамдар күнөөгө батып, Кудайды укпай калышкан. Ошондо Кудай топон суу каптатып, аларды жок кылуу чечимин чыгарган. Бирок жазалаар алдында аларга кечирим алуу мүмкүнчүлүгүн берген. Жазадан аман калуу үчүн адамдар бийик тоонун башына кеме куруусу керек эле. Бирок алар Кудай койгон талапты аткарбагандыктан, баары суу астына калып өлүшкөн.

            Ошентип байыркы замандагыдай эле, бүгүн да аман калуунун бир гана жолу бар – бул Кудай койгон талап аткарылышы керек. Адамдар өздөрү түрдүү диний эрежелерди түзүп алып, ошол аркылуу куткарылууга ээ боло алышпайт. Бул – адамдык өзүн – өзү алдоочулук, жалган ишеним. Кудайга болгон туура ишеним – Кудай койгон талаптарды так аткаруу.

            Ишеними аркылуу Нух пайгамбар көрүнбөгөн келечек жөнүндө аян алып, Кудай койгон талапты аткарган: кеме курган. Ошону менен өз үй бүлөсүн куткарып калган. Ишенгендигинен улам Кудай алдында адилеттүү адам катары саналып, бейиштин мурасчысы болду.  Нух пайгамбардын учурундагыдай эле, бүгүн да адамдар күнөөгө ашыкча батып жатышат. “Акыр заман, кыямат – кайым болот”, - деп коркумуш болуп, кайра эле күнөөлүү жашоолорун улантууда.

            Акыр заман тууралуу биздин заманга чейин 1 – кылымда эле Ыйса Өзүнүн шакирттерине акыр заман келээр алдында кандай окуялар болорун айтып берген. Нух пайгамбардын учурундагы адамдар Кудай айткан чындыктарга кандай мамиле кылышса, акыр заман алдында да адамдар Кудайдын чындыктарына ошондой мамиле кылаарын айткан. Бул тууралуу Инжил китебиндеги Матай аттуу адам жазып калтырган Жакшы Кабардын 24 – бөлүмүнөн окуй аласыз. Бул Китепте күнөөгө баткан адамзаты гана эмес, ошондой эле асман – жердин да өтөөрү жазылып турат.

            Адам үчүн маанилүү нерсе - асман – жердин өтүп кетээри эмес же акыр замандын качан келээри эмес, бирок Кудайдын ырайымына ээ болуусу.

            Кудай бизден кандай ишенимди күтөт? Кудай адам баласына сунуштаган чыныгы ишенимдин негиздери булар:

  1. Кудай адамды Өзүнө окшош кылып: өлбөс, ыйык, түбөлүктүү кылып жаратканына ишенүү (Тоорат китебинен, Башталыш 1 – бөлүм, 27 – аят)
  2. Адамзаты күнөө кетирип, өлүмгө жана түйшүктүү тагдырга туш болгонуна ишенүү. Себеби бардыгы күнөө кетирип, Кудай ээ кыла турган даңктан айрылып калышкан. Күнөө үчүн жаза – өлүм (Инжил китеби. Рим тургундарына жазылган кат 3 – бөлүм, 23 – аят).
  3. Кудай адамдарды күнөөдөн, өлүмдөн куткаруу үчүн Уулун жибергенине ишенүү (Инжил китеби. Жакан жазып калтырган Жакшы Кабар 3 – бөлүм, 16 – аят).
  4. Ыйса Машайак адамдарды күнөөсүнөн арылтуу үчүн өлүп, бирок өлүмдөн кайра тирилгенине ишенүү (Рим тургундарына жазылган кат 4 – бөлүм, 5 – аят).
  5. Кудай айткан жол менен ишенип, кечирим алуу (Жакандын 1 – каты 1 – бөлүм, 8, 9 – аяттар).

Ыйсага ишенүү менен адам күнөөлөрүнөн кечирим алып, Кудай менен түбөлүккө бейиште бирге болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Анткени :”Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн Өзүнүн жалгыз Уулун (Ыйсаны) берди. Ага ишенген ар ким өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди”. (Жакан жазган Жакшы Кабар 3 – бөлүм, 16 – аят).

“Күнөөдөн кантип кечирим алса болот?” – деген чындыктарды так ачып берген ишеним – туура ишеним. Ишенимдин негизи – Ыйса Машайак. Ал асмандан жерге келип, адам денесинде жашаган. Адамдардын күнөөсү үчүн өлүмдү башынан кечирген. Биз ошол чындыкка ишенип: ”Кудай, Ыйса менин күнөөм үчүн өлгөнүнө ишенем. Менин күнөөлөрүмдү Ыйса аркылуу кечир”, - деп сыйынсак, Кудайдын талабын аткарган болобуз: күнөөлөрүбүздөн арылабыз.

            Сизди жана жакындарыңызды Кудайым жалгасын! Багытыңызды таап алыңыз. Кудай берген ишеним аркылуу бейишке ээ болуңуз.

 

 


Ой-пикирлер...
Көрсөтүү үчүн ой-пикирлер жок

Ой-пикир калтыруу...
Ыйса менен жолугушуу

Акыркы макала

Кудай атадан кат

Толук маалымат...

Тез шилтемелер


© 2014-2025 Ayanisa