• Башкы бет
  • Сабактар
    • Аудио сабактар
    • Textual Lessons
    • Video Lessons
  • Макалалар
  • Ыйса менен жолугушуу
  • Биз менен байланышыңыз

керемет
0:00

Радио угуу

...же...

Сакталган макалалар

Июнь 2026
Май 2026
Апрель 2026
Март 2026
Февраль 2026
Февраль 2024
Январь 2024
Декабрь 2023
Ноябрь 2023
Октябрь 2023
Сентябрь 2023
Август 2023
Июль 2023
Июнь 2023
Апрель 2023
Март 2023
Февраль 2023
Январь 2023
Декабрь 2022
Ноябрь 2022
Октябрь 2022
Сентябрь 2022
Август 2022
Июнь 2022
Май 2022
Май 2018
Январь 1970

This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.



Убакыт баасы

27 Май 2026

Ар бирибизге өмүр берилген. Баланын биринчи ыйы менен убакыт санагы башталат. Анан албетте канча саат же канча жыл колубузда экенин айта албайбыз. Өмүрүбүздүн баалуу убактысын канчалык кылдат, канчалык сарамжалдуу өткөрүшүбүз керек экенин түшүнүү абзел. Маанисиз нерселер менен толтурбастан, убакытты маңыздуу жана пайдалуу өткөрүү канчалык маанилүү. Ар бир адам убакыттын агымын артка кайтаруу каалоосун сезип, «Эгер мен баарын кайра баштасам, жашоомду такыр башкача өткөрмөкмүн» деп ойлосо керек. Бул сөздөрдө жашоого баа берүү берүү ою камтылган. Акчаны же үйдүн, унаанын ачкычын жоготуп алуудан коркуп, кайталангыс, кайра кайрылгыс болгон убакытты жоготуу жөнүндө көп ойлоно бербейбиз. Аздыр-көптүр, көбүбүз кылган иштерибизге өкүнөбүз. Мен каталарымды оңдоп, өткөн мүмкүнчүлүктөрдү кайтаргым келет. Бирок аларды кайра кайтарбай турган убакыт агымы өтүп кетти. Же убакытты унутуп, күнүмдүк турмуштун, окуунун, иштердин, ийгиликтердин жана ийгиликсиздиктердин бороон-чапкынында жашап жатабыз, анан ал кээде, ойготкуч же календардын үзүлгөн барагы менен өзүн эске салат.

Жашообузда ар бир нерсенин, ар бир демдин өз баасы бар. Материалдык нерсе менен эмес, жашообуздун секундалары жана мүнөттөрү менен төлөөгө туура келет. Мисалы, бир жумуш күнү иштегенден кийин, ал күн үчүн 500 сом же андан көп каражат алабыз. Бирок ойлонуп көрсөк, бул акча үчүн биз өмүрүбүздүн 7-8 сааты менен төлөйбүз. Аялдамада автобус күтүп жатканыбызда, жашообуздун бир нече мүнөтү да баалуу. Ал эми мүнөттөр, сааттар кошулуп, күндөрдү, айларды, жылдарды түзөт. Ар бирибизге бир эле жолу берилген нерсе кай жакка сарпталып жатат? "Убакытты пайдалана билгиле" - Ыйык Жазуунун барактарында жазылган бул сөздөрдү кантип түшүнүү керек. Анткени, бул кандайдыр бир иш менен алектенүүгө, айланабыздагы адамдарга көңүл бурууга же кандайдыр бир нерсени үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Өмүрүңүздүн бир бөлүгүн - бир нече мүнөтүн өкүнбөй бере турган нерсеңиз жөнүндө ойлонуп көрсөңүз.

Акыркы курста окуган бир студент дипломдук ишин жаза баштайт. Бул иш бир нече айлар бою анын колунда болгон. Дипломдук ишти жазууга компьютер жана чиймелерди, статистикаларды, керектүү адабияттарды издей жүргөн. Досторунан, мугалимдеринен кеңеш сурап, китепканаларга да барат. Бардык жерден акыл-насаат, практикалык ой топтой жүргөн. Изилдөөлөрдүн баарына ал ушунчалык берилгендик менен убакыт бөлөт. Бирок дипломдук ишти жактоого саналуу күндөр калганда кагаз бетине бир да сөз жазбаганын, бир да чийме тартпаганын, убактысы бүтүп калганын байкайт. Көбүнчө майда-чүйдө тынчсыздануунун артында абдан маанилүү нерсени унутуп калабыз. Ал эми жоголгон убакыттын өкүнүчү гана кайра-кайра “Эээххх, сен муну кылсаң болмок да!” деген ой жаратат. Жашообузда убакыт ушунчалык билинбей, кайра кайтарылгыс болуп учуп баратат, капысынан бир күнү, кечээки убактыбыз көбүрөөк болгонун моюнга алып, эми көз алдыбызда аз калган баалуу мүнөттөрдү жанталашып колдонуп калайын деген күндөр келе электе акылга келишибиз керек.


Ой-пикирлер...
Көрсөтүү үчүн ой-пикирлер жок

Ой-пикир калтыруу...
Ыйса менен жолугушуу

Акыркы макала

Тынсыздана берем...

Толук маалымат...

Тез шилтемелер


© 2014-2026 Ayanisa