• Башкы бет
  • Сабактар
    • Аудио сабактар
    • Textual Lessons
    • Video Lessons
  • Макалалар
  • Ыйса менен жолугушуу
  • Биз менен байланышыңыз

керемет
0:00

Радио угуу

...же...

Сакталган макалалар

Июнь 2026
Май 2026
Апрель 2026
Март 2026
Февраль 2026
Февраль 2024
Январь 2024
Декабрь 2023
Ноябрь 2023
Октябрь 2023
Сентябрь 2023
Август 2023
Июль 2023
Июнь 2023
Апрель 2023
Март 2023
Февраль 2023
Январь 2023
Декабрь 2022
Ноябрь 2022
Октябрь 2022
Сентябрь 2022
Август 2022
Июнь 2022
Май 2022
Май 2018
Январь 1970

This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.



Тынсыздана берем...

10 Июнь 2026

Дайыма коркуу абалында жашаган адамдар бар. Башкалары тынчсызданып, аябай кыжырданып жашашат. Күнүмдүк жашоонун бардык түйшүктөрүнүн арасында толук тынчтыкты сактоого мүмкүнчүлүк берген сырды билүү чоң артыкчылык. Жан дүйнөнүн кыйналуусу адамга кандай пайда алып келиши мүмкүн? Тынчсыздануу эч кимге эч кандай күч кошуп берген эмес, эч кимге Кудайдын эркин аткарууга жардам берген эмес, эч кимге кыйын кырдаалдан чыгуунун жолун көрсөткөн эмес. Өзүн өзү азапка салуу жашоону таптакыр башка нукка салып салат. Тоодогу насаатында Ыйса биздин тынчсыздана бербешибиздин төрт себебин айтып, аны менен кантип күрөшүүнүн сырын ачып берген. Ал "Ошондуктан силерге айтарым: “Эмне ичип, эмне жейбиз?” – деп, жаныңар үчүн; “Эмне киебиз?” – деп, денеңер үчүн түйшүк тартпагыла. Тамакка караганда жан, кийимге караганда дене кымбат эмеспи! Асмандагы канаттууларды карагылачы! Алар эгин экпейт, оруп-жыйбайт, кампага жыйнабайт, бирок Асмандагы Атаңар аларды азыктандырат. Алардан силер канча эсе артыксыңар! Кимиңер түйшүк тартуу менен боюңарды бир чыканак өстүрө аласыңар? Кийим үчүн эмнеге түйшүк тартасыңар? Талаадагы лилия гүлдөрүнүн кантип өсүп жатканын карагылачы! Алар эмгектенбейт, жип ийрибейт. Бирок силерге айтып коёюн, атүгүл, атак-даңктуу Сулайман да булардын бириндей кийинген эмес. Бүгүн талаада өсүп турган, эртең болсо отко ыргытыла турган чөптү Кудай ушундай кийиндирсе, силерди алардан артык кийиндирбейби, ишеними аздар! Ошондуктан: “Эмне жейбиз, эмне ичебиз?” же “Эмне киебиз?” – деп түйшүк тартпагыла. Анткени бутпарастар булардын баары үчүн түйшүк тартышат. Ал эми силердин ушунун баарына муктаж экениңерди асмандагы Атаңар билет. Баарынан мурда Кудайдын Падышачылыгын жана адилеттигин издегиле, ошондо мунун баары силерге кошулуп берилет. Ошондуктан эртеңки күн үчүн түйшүк тартпагыла. Эртеңки күн өзү үчүн өзү түйшүк тартат. Ар бир күндүн өз түйшүгү өзүнө жетиштүү." (Матф 6:25-34) деген. Түп нускада "түйшүк тартуу" деген сөз "тынчсыздануу" дегенди билдирет. Ыйса тынчсыздануу негизсиз экенин айтып жатат. Өзгөртө албай турган нерсе үчүн тынчсыздануу пайдасыз. Өзгөртө алмакмын деп тынчсыздануу да акылсыздык!

Акыл-эсибиздеги тынчсызданууга көңүл бурган сайын, ал ого бетер чоңое берет. Кооптонуу көйгөйлөрдү мурдагыдан да чоңураак кылат. Ошол үчүн Ыйса “Ошондуктан силерге айтарым: “Эмне ичип, эмне жейбиз?” – деп, жаныңар үчүн; “Эмне киебиз?” – деп, денеңер үчүн түйшүк тартпагыла. Тамакка караганда жан, кийимге караганда дене кымбат эмеспи!” деген. Ошондой эле, тынчсыздануу табигый нерсе эмес. Биз тынчсызданып төрөлбөйбүз. Бул бара-бара биз үйрөнгөн, жашоого болгон реакциябыз. Кудайдын жаратуусунда бир гана адам түйшүк тартат экен. Кудай биз үчүн кам көрө алат деп ишенбейбиз. Ал “Асмандагы канаттууларды карагылачы! Алар эгин экпейт, оруп-жыйбайт, кампага жыйнабайт, бирок Асмандагы Атаңар аларды азыктандырат. Алардан силер канча эсе артыксыңар!” деген. Ал эми талаа лилиялары – бул кызыл мак. Алар Палестинанын адырларында бир гана күн гүл ачышат, бирок ушул кыска өмүрүндө падышанын кийимдеринин сулуулугунан ашып түшкөн сулуулукту кийишкен. Соолуп калган гүлдөр от жагуу үчүн колдонулган. Палестинадагы мештер чоподон жасалган; ал, мындайча айтканда, чоподон жасалып, оттун үстүнө коюлчу. Идиштин температурасын тез көтөрүү үчүн, ага кургак чөптү жана куурап калган гүлдөрдү ыргытып, күйгүзүшчү. Гүлдөр бир гана күн жашашчу, андан кийин кожойкеге тез нан бышыруу керек болгондо мешти жылытканга жардам беришчү, бирок Кудай аларды адам колу тиге албаган кийимдер менен кийинткен. Эгер Кудай бир күндүк гүлдөргө ушундай кооздукту берсе, анда ал адамга канчалык кам көрөт деп ойлойсуз?

Кооптонуу же тынсыздана берүү пайдасыз. Ал өткөндү өзгөртө албайт. Өткөн мезгил өттү. Адам өзүнүн өткөн-кеткенин таптакыр бузушу керек эмес; баары бир эч нерсени кыла албайт, болгону өткөндү келечектеги жакшы иш-аракеттер үчүн тажрыйба катары колдонушу керек жана да тынсыздануу келечекти башкара албайт.


Ой-пикирлер...
Көрсөтүү үчүн ой-пикирлер жок

Ой-пикир калтыруу...
Ыйса менен жолугушуу

Акыркы макала

Тынсыздана берем...

Толук маалымат...

Тез шилтемелер


© 2014-2026 Ayanisa