• Башкы бет
  • Сабактар
    • Аудио сабактар
    • Textual Lessons
    • Video Lessons
  • Макалалар
  • Ыйса менен жолугушуу
  • Биз менен байланышыңыз

керемет
0:00

Радио угуу

...же...

Сакталган макалалар

Июль 2026
Июнь 2026
Май 2026
Апрель 2026
Март 2026
Февраль 2026
Февраль 2024
Январь 2024
Декабрь 2023
Ноябрь 2023
Октябрь 2023
Сентябрь 2023
Август 2023
Июль 2023
Июнь 2023
Апрель 2023
Март 2023
Февраль 2023
Январь 2023
Декабрь 2022
Ноябрь 2022
Октябрь 2022
Сентябрь 2022
Август 2022
Июнь 2022
Май 2022
Май 2018
Январь 1970

This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.



Ырым-жырымдар

23 Июнь 2026

“Тфу, тфу сага!” деп башкалардын балаңызга карата мындай айткандарынн уккансыз, балким, өзүңүз да ошентет чыгарсыз? Албетте, адамдардын ниети эң жакшы, а бирок алардын оозунан чыккан сөздөрү ырым-жырым мүнөзүндө “көз тийбесин” деген максат менен айтылат. Илгери бутпарастар жиндерди коркутуу үчүн да балдарына жаман ысымдарды ыйгарышчу экен. Кай бир өлкөнүн жашоочулары үчүн мындай көрүнүш жат жана кызык болушу мүмкүн. Ыйсаны кабыл алган адамдар Машайак айкаш жыгачтагы өлүмү менен бардык жамандык күчтөрүн жеңгендиктен, мындан ары аларга эч нерсе зыян келтире албасын билиши жана ишениши керек. Ошентип, таптакыр тескерисинче, жаман көздөн сактоо жана андан коргонуу аракети таптакыр тескери натыйжага алып келет! Бул коркууларды түшүнсө да болот. Сиз, албетте, көчөдөн кичинекей сүйкүмдүү балдарга жолуккансыз. Аны жөн гана кол менен жумшак тармал чачтарын сылап, бул кичинекей кереметке суктанганыңызды билдиргиңиз келет. Бирок көбүнчө реакция тескерисинче болот. Апасы, атасы же чоң энеси кабагын бүркөп "Түкүр" деп, тыкылдата турган жер издешет. Бирок чындыгында ар бир адам өз баласына суктануусун каалайт! Болбосо, анда эмне үчүн кооз бантиктер, чач жасалгалар, жарым айлык турган көйнөктөр кийгизишет?

Даль аттуу адамдын сөздүгүндө ырым-жырым бир нерсеге карата туура эмес, куру, жалган ишеним, башкача айтканда, курулай ишеним деп аныкталат. Биз компьютердик технологиянын тез өнүгүп жаткан доорунда жашап жатканыбызда астрологдордун божомолуна, карта божомолдоруна, белгилерге ишенип жатканыбыздын себеби эмнеде? Кептин баары сиз экөөбүз сыртыбыздан көз карандысыз, эркин көрүнөбүз, бирок жан дүйнөбүздүн түпкүрүндө Кудайды эңсеп келебиз. Ар бирибизде ушундай кусалык бар, жөн гана бул сезимди туура түшүнүп, атай албайбыз. Бизден алда канча жогору турган күчтөр бар экенин жана адамдар аларды башкара албай турганын сиз жана мен түшүнөбүз. Демек, ырым Кудай менен байланыш түзө албагандыктан келип чыккан. Адамдар тирүү Кудайга ишенбесе, ырым-жырым, башка күчтөргө ишеним пайда болот.

Жашооңуз тынымсыз жалган ишенимдин көзөмөлү астында болуп, бирөөнүн колу сизге оордук кылып жатканын же сизге буйрук берип жатканын сезип жашагыңыз келеби? Мындай нерсе ырым-жырымдарга жана алар аркылуу шайтанга ишенген сайын болот. Бул өлүк бурканга табынган, тирүү Кудайга кайрылбаган ар бир адамдын жашоосунда ушундай болот. Кудай адамдардын Ага алып баруучу айланма жолдорду издөөнү токтотушун каалайт жана жакшылык алып келбеген, бир гана тоноп, алдаган жаман шайтандык күч таасир этишин каалабайт. Өз Сөзүндө "Мына, мен силерге бүгүн батаны жана каргышты сунуш кылып жатам: эгерде Кудай-Теңириңердин мен бүгүн берип жаткан осуяттарын аткарсаңар, бата аласыңар; эгерде Кудай-Теңириңердин мен бүгүн берип жаткан осуяттарын аткарбасаңар, жолдон чыгып, өзүңөр билбеген башка кудайларды ээрчисеңер, каргышка каласыңар." (Мыйз 11:26-28) дейт. Жараткан эки жолду сунуштайт: биринде өмүр бою чындыктан алыстап кетесиң. Экинчисинде, Кудай Өзүнүн сүйүүсүн, камкордугун жана ишенимдүү жол көрсөтүүчү менен жолго чыгууну сунуштайт. Ошондуктан, Өз өмүрүн Ага ишенип бергендер, Өзү жөнүндө: «Мен Жол, Чындыкмын жана Өмүрмүн, Атама Мен аркылуу гана барууга болот», – деп айткан Ыйса Машайак менен бирге өмүр сүрүп, коркушпайт. Сиз байкадыңызбы? Кудайга баруучу жол тумарлар, жатталган сыйынуулар жана ырым-жырымдар аркылуу эмес, Ыйса Машайакка болгон ишеним аркылуу. Ыйык Китепте адамдын тагдыры Кудайдан экени айтылат. Ал эми биз Кудайга жашообузду ишенип тапшырган болсок, анда тынчтыкта боло алабыз. Кудайыбыз бизге үмүт берет. Ал ар бир адамдын Кудайы жана ар бирибизге жакшылык каалайт. Ал бизди абдан жакшы көрөт жана жардам бергиси келет. Ал эми Ыйса Машайак менен бирге жүрүп, келечектеги кыйынчылыктардан коркпошубуз керек.


Ой-пикирлер...
Көрсөтүү үчүн ой-пикирлер жок

Ой-пикир калтыруу...
Ыйса менен жолугушуу

Акыркы макала

Наалуу менен Кудайдан бир нерсе алса болобу?

Толук маалымат...

Тез шилтемелер


© 2014-2026 Ayanisa