• Башкы бет
  • Сабактар
  • Макалалар
  • Ыйса менен жолугушуу
  • Биз менен байланышыңыз

керемет
0:00

Радио угуу

...же...

Сакталган макалалар

Февраль 2024
Январь 2024
Декабрь 2023
Ноябрь 2023
Октябрь 2023
Сентябрь 2023
Август 2023
Июль 2023
Июнь 2023
Апрель 2023
Март 2023
Февраль 2023
Январь 2023
Декабрь 2022
Ноябрь 2022
Октябрь 2022
Сентябрь 2022
Август 2022
Июнь 2022
Май 2022
Май 2018
Январь 1970

This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.



Эмнени сепсең, ошону оросуң.

05 Январь 1970

Эмнени сепсең, ошону оросуң.

Биз жашоодо туш болгон жагдайлардын бардыгы,

Аз нерседен башталат, жаман – жакшы, калп – чыны.

Чагылган да башталат тамчысынан жамгырдын.

Мөл булактар жаратат чоң дарыя агымын.

 

Кичинекей учкундан жалындаган от чыгат.

Калың томдуу чыгарма тамга, сөздөн башталат.

Таштар ташка кыналып, бийик үйлөр курулат.

Желден бороон башталып, талаа – түзгө урунат.

 

Жан кейиткен ачуу сөз душмандыкты жаратат.

Жамандыктан алыс бол, жүрөккө салчу жаракат.

Жакшы үрөн сеп ар качан, жамандыкка берилбе.

Кучагыңа төгөт Теңир түгөнбөгөн береке.

 

Эмне сепсең ошону жыйнап кийин аласың.

Жалган сепсең – жалганды,

Чындык  сепсең – чындыкты.

Далай эсе көбөйөт тандап сепкин үрөндү.

 

Жанга зыян келтирбе, абайлагын ар качан.

Ишенимдүү,  момун бол, жалгандыкка барбаган.

Кубаныч, сүйүү, тынчтыкты, такыбаалык, сабырды,

Себе бергин ар дайым.

Алар өсүп миң ирет жемиш берсин ылайым.

 


Ой-пикирлер...
Көрсөтүү үчүн ой-пикирлер жок

Ой-пикир калтыруу...
Ыйса менен жолугушуу

Акыркы макала

Кудай атадан кат

Толук маалымат...

Тез шилтемелер


© 2014-2025 Ayanisa