• Башкы бет
  • Сабактар
  • Макалалар
  • Ыйса менен жолугушуу
  • Биз менен байланышыңыз

керемет
0:00

Радио угуу

...же...

Сакталган макалалар

Февраль 2024
Январь 2024
Декабрь 2023
Ноябрь 2023
Октябрь 2023
Сентябрь 2023
Август 2023
Июль 2023
Июнь 2023
Апрель 2023
Март 2023
Февраль 2023
Январь 2023
Декабрь 2022
Ноябрь 2022
Октябрь 2022
Сентябрь 2022
Август 2022
Июнь 2022
Май 2022
Май 2018
Январь 1970

This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.



Аялзатына кайрылуу 1

05 Январь 1970

Биздин бүгүнкү кайрылуубуз кыздарга, айымдарга арналмакчы.Кудай сизди бул дүйнөгө керемет жолдор менен жараткан. Ал сизди кандайдыр бир максат менен, Өзүнүн даңкы үчүн жараткан. Анын сизге болгон чакырыгы кандай болду экен?

Сөзүбүздун башында эле Кудай Сөзүнө кайрылсак. Заб 139:16: "Мен жаңыдан түйүлдүк боло баштаганда эле, Сен мени көргөнсүң. Мен төрөлө электе эле, мага белгиленген күндөрдүн бири да боло электе эле Сенин китебиңде баары жазылып коюлган."

 Сиз бул дүйнөгө жарала электе эле, жада калса дем ала электе эле Кудай сиздин бардык күндөрүңүздү билген.. Эми болсо “Мени Кудай эмнеге, кандай максат менен жараткан?” деп турган болсоңуз, бүгүн кичине болсо да жооп бергенге аракет кылабыз.

 Биринчи суроо берсек:

Сизге эмне кылган көбүрөөк жагат?

  • Балдар менен алектенип, аларды бир нерсеге үйрөтүү
  • Билким уюштуруу иштерин кылуу
  • Же болбосо мага кичинекей белектерди жасап, кол өнөрчүлүк менен алектенүү жагат, - дейт чыгарсыз

Сиздерге бул дүйнөнүн Кожоюнуна кызмат кылуу үчүн кандайдыр бир жөндөмдүүлүктөр жана таланттар берилген. Кудай ар бирибизге кандайдыр бир ченемде талант берген. Анан да сиздерде турмуштук тажрыйбалардын жыйнагы бар жана эң сонун мүмкүнчүлүктөр берилет. Кудай сиз аркылуу башка адамдарга таасирин тийгизиши мүмкүн.

 Эгерде Ыйсага ишенүүчү болсоңуз, сиздеги чоң өзгөчөлүк: Ыйса менен өткөрүп келе жаткан жашооңуз. Кулаган, турган учурлар, баталар, сыноолор ж.б.у.с. Мына ушундай өзгөчөлүктөрүңүздү колдонуп, Кудайга сыйынып Кудай сиздин жашооңузга койгон укмуштуудай планын ишке ашырсаңыз болот.

Кудай Сөзү айымдардын мүнөзү, жүрүш-турушу жөнүндө эмне дейт болду экен? Бул жөнүндө Ыйык Жазууда Сулаймандын Накыл Сөздөрүнүн 31-бөлүмүндө кенен жазылган.

Адамды дарак сымал элестетип көрсөк. Забур китебинде мындай деп жазылган:” Кудайсыздардын кеңешмесине барбаган, күнөөкөрлөрдүн жолунда турбаган, бузулгандардын жыйынында отурбаган адам бактылуу. Ал Кудайдын мыйзамынан кубаныч алат, Анын мыйзамы тууралуу күнү-түнү ойлонот. Ошондо ал суу боюна отургузулган, мөмөсүн өз маалында берген, жалбырагы соолубаган дарактай болот. Ал эмне иш кылбасын, бардык ишинде ийгиликке жетишет. Кудайсыздар мындай эмес, алар шамал сапырган топурактай. Ошондуктан кудайсыздар сотто туруштук бере алышпайт, ошондой эле күнөөкөрлөр адилеттүүлөрдүн жыйынында отура алышпайт. Анткени Теңир адилеттүүлөрдүн жолун билет, ал эми кудайсыздар өз жолунда жок болушат".

 Элестетсеңиз бул адам суу боюна отургузулган, мөмөсүн өз маалында берген, жалбырагы соолубаган дарактай болот. Ал эмне иш кылбасын, бардык ишинде ийгиликке жетишет экен. Ушундай болууну каалайт белек?

 

 

Уландысы кийинки макалабызда...

 

 

 

 


Ой-пикирлер...
Көрсөтүү үчүн ой-пикирлер жок

Ой-пикир калтыруу...
Ыйса менен жолугушуу

Акыркы макала

Кудай атадан кат

Толук маалымат...

Тез шилтемелер


© 2014-2025 Ayanisa