This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.

Бир жолу берметтери көп бир соодагер алыскы өлкөлөргө соодасын жүргүзүп келүү үчүн кемеге отурат. Кемедегилер анын байлыгына ээ болуу үчүн аны деңизге ыргытууну өз ара тымызын макулдашканын билип, кемеде ар биринин көзүнчө баштыктарын ачып, берметтерин көрсөтүп: “Менин жашоом ушул берметтердеби? Мен алар үчүн деңизди кечип, алар үчүн жанымдан айрыламбы? Кантсе да мен бул дүйнөдөн эч нерсе алып кете албайм» деп туруп, соодагер бардык берметтерин деңизге төгүп, өзүн өлүмдөн, кемедегилерди күнөө кылуудан сактаган экен.
Соодагер жашоо бул берметтердин баарынан кымбат экенин түшүнгөн. А биз алар үчүн жаныбызды бербешибиз керек. Ыйык Китепте да жердеги баалуулуктар эч нерсе эмес деп айтылат. "Жер үстүндө байлык жыйнабагыла. Жерде аларды күбө жейт, дат басат, уурулар үйдүн түбүн казып кирип, уурдап кетишет. Андан көрө байлыкты асманга жыйнагыла. Асманда аларды күбө жебейт, дат баспайт, уурулар үйдүн түбүн казып киришпейт да, уурдап кетишпейт. Байлыгыңар кайсы жерде болсо, жүрөгүңөр да ошол жерде болот." (Матф 6:19-21) деп жазылган.