This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.
Тээ алмуздактан эле адам баласы ырайымга муктаж болуп келет эмеспи. Тентектик кылып койгон наристеден баштап, өзүндөй эле адамды өлтүрүүгө батынган пендеге чейин бардыгы ырайым күтүп келишет. Адам баласынын колунан жакшы да, жаман да жорук келе турганын эстесек, ырайымга күнүгө муктаж экенибизди билебиз.
Бул окуя мындан бир топ жыл мурда Англияда болуптур. Түн бир оокум болуп калган. Бирок айдын толуктугунан бөлмөнүн ичи жарык болуп турду. Бул Англиянын ички иштер министринин үйү эле. Бул түнү ал негедир уктай албай койду. Туруп, үйдүн ичинде ары – бери баса баштады. Бир маалда анын көңүлү үстөлдүн үстүндө жаткан документтерге бурулду. Бул өлүм жазасына өкүм кылынган алты кылмышкердин иштери эле. Бирок Англиянын королу буларга ырайым кылып, кечирим берген эмес беле. Министр документтерди колуна алып, окуп баштаганда эле, турган жеринде катып калды. Королдун ырайымы тууралуу түрмө башчысына кат жөнөтүлгөн болсо да, эч кандай жооп келген жок. Ал шаша – буша орун басарына киши жиберип, суратса, орун басары документтерди катчы кызга бергенин айтат. Катчы кыздан сураса, ал документтерди жөнөнткөндү унутуп койгон экен. Эмне кылуу керек? Таң атканда алты адам бул дүйнө менен кош айтышат. Ойлонууга убакыт жок. Тез арада чабарманды тургузуп, анын жетишерине көздөрү жетпесе да, тобокелге салып, жакшы ат мингизип, чаптырып жиберишет.
Таң атып, алты кылмышкерге чыгарылган өкүмдү ишке ашыраар маал келип жетет. Биринчи адамды алып чыгып, башын кыя чабышат. Анан экинчиси, үчүнчүсү, төртүнчүсү, бешинчиси. Алтынчы кылмышкерди алып чыгып, башын кыя чабаарда: “Буларга ырайым кылынган! Буларга ырайым кылынган! Ырайым! Өлтүрбөгүлө! ” – деген чабармандын ачуу кыйкырыгы угулат.
Булардын бардыгына ырайым кылынган, бирок бирөө гана аман калды. Кадырман замандаш, ушул сыңары Ыйык Жазууда бардык адамдар күнөө кетиришип, Кудай ээ кыла турган даңктан айрылып калышканы тууралуу жазылган. “Кудай жок! Мен Аны тааныбайм!” – деген адамга да ырайым керек. Мындай дегенибиздин себеби, ар бир адам бул жашоо менен коштошкондон кийин, Жараткандын алдына барып, жашап өткөн өмүрү үчүн жооп берүүгө туура келет. Ал адам Кудайдын бар экенине ишенбесе эле, Анын сотуна тиешеси жок дегенди билдирбейт. Адам өз акылында “Кудай жок” деп койсо эле, Ал жок болуп калмак беле? Жараткан Теңир адамдын жашоосун, ар бир кадамын, ар бир оюн билет. Демек, акыры Жараткандын алдына келип, кылган иштери үчүн, ойлогон ойлору үчүн жооп берүүгө туура келсе, анда: “Мен акмын, мен эч күнөө кылган эмесмин”, - деп айта ала турган адам табылаар бекен? Инжилде: “Бардыгы күнөө кетирип, Кудайдын ырайымынан айрылышкан. Татыктуу бирөө да жок!” – деп жазылган.
Ырайым кандай учурда керек? Анын аткара турган кызматы кайсы? Ырайым – бул эч кандай төлөмсүз эле жазанын кечирилиши, жокко чыгарылышы. Кылган күнөөлөрүбүз кечирилиши үчүн Кудайга эмне төлөй алабыз? Бирибиз эң жакшы көргөн күлүк атыбызды, башкабыз эки кабаттуу үйүбүздү же машинебизди, байыраагыбыз жылына миллион киреше алып келген фирмабызды тартуулап, болгону биздин күнөөбүздү кечирип, тозок отуна өкүм кылбашын сурайлы. Кудай кечиреби? Ага биздин тартууларыбыз керекпи? Ал баарынын Ээси! Бардык банкттардагы акчалар, завод – фабрикалар, эң кыйын деген фирмалар, бүт жер жүзү, ай аалам Анын колунда. Эгер жоготом десе, бир заматта жок кылат. Эгерде батамды берем десе, иштен чыккан завод – фабрика да ийгиликке жетип, алдыга чыгат. Анын колунда ар бир адамдын өмүрү болуп жаткандан кийин, адамдын колу менен жаратылып жаткан нерселерди кеп кылуунун кажети жок го. Демек, күнөөнүн кечирилиши үчүн бир гана ырайым калат. Андан жалынып – жалбарып, ырайым кылышын гана сурай алабыз. Башка жол жок. Бир гана ырайым менен куткарылабыз.
Кудайдын көп сапаттары бар. Ал кечиримдүү! Ал берешен! Ал сооротуучу! Ал айкөл! Ал ырайымдуу! Анын ырайымдуулугун түшүнүү үчүн мындай бир мисал келтире кетсем. Бир айдоочу жолдо кетип бара жатып, кокусунан бир кичине кызды сүзүп алат. Катуу ылдамдыкта айдап келе жаткан айдоочу, тормозду тепкенине карабай, кызды дөңгөлөккө жанчтырып, бир топ аралыкка сүйрөп барып токтойт. Кыз ошол эле жерден каза болот. Эми айдоочуну жаза күтөт. Ал эмне кылат? Тиги кыздын ата – энесине барып: “Үйүмдү алгыла да, милициядан арызыңарды эртеңден калтырбай алып койгула” – деп кекетсе, кыздын ата – энеси кандай ахыбалда болушат? Алар макул болушабы? Албетте, жок. “Сенин үйүңдүн бизге кереги эмне? Ушуну айтканга кантип оозуң барды?” – дешет да. Айдоочу кыздын ата – энесинен кечирим алуу үчүн: “Эмне десеңер, баарын кылайын. Мени кечиргиле. Чырактай болгон кызыңардын өмүрүн кыйып алдым” – деп жалбарып, алардын айтканынын баарына көнүшү керек. Туурабы? Ошол сыяктуу эле биз Кудайдын ырайымына ээ болуш үчүн Анын айтканын аткарышыбыз зарыл. Ал ар бир адамды сүйөт. Анткени бизди Ал Өзү жараткан.