This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.
1. Суроо сага: Кайдан келдиң сен?
Укчу, тууган, кайда барасың,
Ойлондуңбу “Неге жашайм?” деп?
Буга жоопту кайдан табасың?
Кайырма:
Асманды да, жерди жараткан
Кудайыбыз, Теңир бар экен.
Адамдарды жерге тараткан,
Сүйүү берип, “ак жаша” деген.
2. Шайтан деген жалганчы болгон,
Азгырыптыр Обо энени.
Адаштырган адамды жолдон,
Бул чындыкты билип жүр эми.
3. Укпай сөзүн Кудай Атанын,
Күнөөгө биз батып кеткенбиз.
Кыйналабыз тартып азабын,
Биз тозокту карай кетмекпиз.
4. Улуу Кудай бизди сүйгөндөн,
Жалгыз Уулун жерге жиберген.
Күнөөбүздү мойнуна алып,
Жазаланган, кайра тирилген.
5. Кудай айтат: “Ушул Курмандык
Арылтат, - деп, - бизди күнөөдөн.
Ишенимиң сени куткарат,
Күнөөң үчүн Ыйса өзү өлгөн”.