• Башкы бет
  • Сабактар
  • Макалалар
  • Ыйса менен жолугушуу
  • Биз менен байланышыңыз

керемет
0:00

Радио угуу

...же...

Сакталган макалалар

Февраль 2024
Январь 2024
Декабрь 2023
Ноябрь 2023
Октябрь 2023
Сентябрь 2023
Август 2023
Июль 2023
Июнь 2023
Апрель 2023
Март 2023
Февраль 2023
Январь 2023
Декабрь 2022
Ноябрь 2022
Октябрь 2022
Сентябрь 2022
Август 2022
Июнь 2022
Май 2022
Май 2018
Январь 1970

This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.


Ачуу - бул абдан чоң көйгөй

Ачуу - бул абдан чоң көйгөй

31 Июль 2023

 Ачуу – бул абдан чоң көйгөй.

Ачууну кантип жеңсе болот?

Ачууга каршы турганга бирден бир эффективдүү курал – бул Кудайдын Сөзүндөгү аяттарды жаттоо.  Эгерде сенин башың ооруса, сен баш оорунун дарысын ичесиң да, туурабы? Жүрөк оорунун дарысын ичпейсиң да. Колуңду кесип алсаң, ал жериңди таңасың, баш оорунун дарысын ичпейсиң. Ачууңду жеңе албай жатсаң, жашоодо ачууң менен мамилелерди талкалап алып жатсаң, анда сага ишеним жөнүндө же кечирим жөнүндө аяттар эмес, ачуу жөнүндө айтылган аяттар керек. Ачуу жана анын канчалык коркунучтуу экендиги жөнүндө Кудайдын сөзүндө аябай көп аяттар бар.

Албетте биз өзүбүздү өзүбүз контролдоп, өзүбүз менен иштешишибиз да керек. Бул да өтө маанилүү. Бирок Кудайсыз биз жеңишке жете албайбыз. Кудайга көйгөйдү ачык айтып сыйынуу керек жана айтып өткөндөй Кудайдын сөзүн изилдөө. Кудайдын сөзү  биздин руханий ооруларыбыздын дарысы. Эгерде мен бирөөгө таарынып, кечире албай жатсам, мен адегенде эле Кудайдын сөзүн ачып, кечирим тууралуу аяттардын баарын окуп чыкмакмын.

Биз бир нерсени билип алышыбыз керек: Кудайдын сөзүндө күч бар. Өз аракетиңер менен жете албаган нерсеге Кудайдын сөзү жеткенге жардам бере алат. Демек, мен эмне кылышым керек?

  Биринчиден, ачуулануу көйгөйү бар экенин моюнга  алуу.

  Экинчиден, Кудайга айтып, өзгөргүм келет, ачуулангым келбейт, - деп сыйынуу. Анан Кудайдын сөзүн изилдеп, дарыны убагы менен ичкендей эле, сөздү да ынталуулук менен изилдеп окуу. Кудайдын сөзүн бекер эле эч кандай рецеби жок эле кабыл ала берсе болот.


Ой-пикирлер...
Көрсөтүү үчүн ой-пикирлер жок

Ой-пикир калтыруу...
Ыйса менен жолугушуу

Акыркы макала

Кудай атадан кат

Толук маалымат...

Тез шилтемелер


© 2014-2025 Ayanisa