• Башкы бет
  • Сабактар
  • Макалалар
  • Ыйса менен жолугушуу
  • Биз менен байланышыңыз

керемет
0:00

Радио угуу

...же...

Сакталган макалалар

Февраль 2024
Январь 2024
Декабрь 2023
Ноябрь 2023
Октябрь 2023
Сентябрь 2023
Август 2023
Июль 2023
Июнь 2023
Апрель 2023
Март 2023
Февраль 2023
Январь 2023
Декабрь 2022
Ноябрь 2022
Октябрь 2022
Сентябрь 2022
Август 2022
Июнь 2022
Май 2022
Май 2018
Январь 1970

This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.


Уга бил Кудайымдын назик үнүн

Уга бил Кудайымдын назик үнүн

28 Август 2023

Уга  бил  Кудайымдын  назик  үнүн  

Замандаш  куткарылчу  күнүң  бүгүн

Кайрылсан чын жүрөктөн  башыңды  ийип,

Ал  айткан  мен  көтөрөм  бардык  жүгүң.

 

Киргизсең  толук  бойдон  жүрөгүңө,

Көрөсүң  дал  ошондо  Анын күчүн.

Теңир  деп  оозуң менен  ачык  айтсаң, 

Билесиң жашаарыңды  эмне  үчүн.

 

Досуңа  сырыңды  айтсаң  ушак  кылаар,

Өзүңө курал  кылып  кайра  сунаар.

Эң  жакын  адамың  да  ишенимсиз,

Акыры  бир  мезгилде  шагын сынаар.

 

Ал эми өзгөгө эмес, өзүңө да айта албаган

Сырыңды тартынбастан айта аласың.

Кечир деп чын жүрөктөн кайрылганда,

Теңирден түбөлүккө жай табасың.

 

Эч ким жок Теңирчелик ишенимдүү,

Сыр айтсаң сырың сактап, сыр чечишер.

Чаалыгып чарчаганда жөлөп таяп,

Бирөө да жок Теңирчелик дем, күч берээр.

 

Ал тургай адашканды жолго салат,

Кетирген баардык күнөөң унут калат.

Аткарып осуятын ак жашасаң,

Түбөлүк бейиш шаарга алып барат.

 

Кудайдын сүйүүсүнө ченем жетпейт,

Кааласаң өлүмдү да кечеңдетет.

Күнөөсүн чын жүрөктөн сезип билип,

Келсе деп сенден менден үмүт этет.

 

Замандаш жүрөгүңдү катуулантпа,

Акыры келээр жериң ошол Ыйса.

Пенде үчүн ажал деген тангыс чындык,

Сен аны каалабасаң, кааласаң да.

 

Ук тууган убактыңды уттурбастан,

Кайрылгын эшик каккын тынч турбастан.

Сурагын - сураганың берилгенче,

Издегин - каалаганың табылганча.

 

Теңирдин бизге айткан ар бир сөзү,

Жөн эле аткарылбай өтүп кетпейт.

Теңирдин алдындагы аракетиң,

Бил тууган, эч убакта текке кетпейт.

 

Өмүрүң пайда болгон буу сыяктуу,

Билбейсиң эртеңки күн не болорун.

Азыртан жаның үчүн кам көрбөсөң,

Билип кой тозок отто кордолоруң.

 

Кел, тууган, кечирим ал күнөөлөрдөн,

Шашылгын, ажал сени көпкө күтпөйт.

Коркпогун куугунтуктан, ушактардан,

Кудайсыз бир тал чачың жерге түшпөйт.

 

Кудайдын сүйүүсүнө ченем жетпейт,

Ал берген убадасын кечеңдетпейт.

Жазылган: «Асман менен жер өтсө да,

А Менин бир да Сөзүм өтүп кетпейт».

 


Ой-пикирлер...
Көрсөтүү үчүн ой-пикирлер жок

Ой-пикир калтыруу...
Ыйса менен жолугушуу

Акыркы макала

Кудай атадан кат

Толук маалымат...

Тез шилтемелер


© 2014-2025 Ayanisa