• Башкы бет
  • Сабактар
  • Макалалар
  • Ыйса менен жолугушуу
  • Биз менен байланышыңыз

керемет
0:00

Радио угуу

...же...

Сакталган макалалар

Февраль 2024
Январь 2024
Декабрь 2023
Ноябрь 2023
Октябрь 2023
Сентябрь 2023
Август 2023
Июль 2023
Июнь 2023
Апрель 2023
Март 2023
Февраль 2023
Январь 2023
Декабрь 2022
Ноябрь 2022
Октябрь 2022
Сентябрь 2022
Август 2022
Июнь 2022
Май 2022
Май 2018
Январь 1970

This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.


Сөздүн чыгармачылык күчү бар.

Сөздүн чыгармачылык күчү бар.

24 Сентябрь 2023

  Сөз  идиш сыяктуу. Чынынын ичине ар кандай суюктуктар жана суусундуктар куюлган сыяктуу эле, биздин сөздөрүбүз да көп нерселерди өзүнө камтыйт. Эң биринчиден, сөз чыгармачылык күчкө ээ.Кудай: “ Жарык болсун”, - деп сөз айтканда, жарык болгон. Кудай бүт дүйнөнү сөз менен жараткан. Демек, сөздүн жаратуучу, чыгармачылык күчү бар. Ыйык Китепте “Кудай ойлогон жана жарык пайда болгон” деп айтылбайт, Кудай сөз менен “жарык болсун” деп айтты. Ошентип, Ыйык Китептин биринчи беттеринен эле жаңы бир нерсени кантип жарата аларыбызды үйрөнө алабыз. Оозуңуздагы сөздөр өзүңүздүн жашооңузга, жакыныңыздын, сүйгөн адамдарыңыздын жашоосуна, шаарыңызга жана бүткүл дүйнөгө карата чыгармачылык күчкө толгон. Оозуңуз менен жаныбыздын душманы болгон шайтандын мизин кайтара аласыз. Сиз Кудайдын Сөзүн айтуу менен ал душмандын кээ бир иш-аракеттерин токтото аласыз. Жакшы Кабарлардан биз шайтандын Ыйса менен сүйлөшкөнү тууралуу окуйбуз. Ыйса ага жооп берип, Ыйык Жазуудан үзүндүлөрдү келтирди. Араңардан кимдир бирөө Сөздү колдонуп, шайтанга каршы туруштук берип көрдү беле?  Сөздүн чыгармачылык күчүн, жаратуучу күчүн өзүңүздүн жашооңузга, сиз үчүн кымбат болгондордун жашоосуна багыттаңыз. Бирок сиз өзүңүздү жана келечегиңизди кыйратуучу терс сөздөрдү да айтышыңыз мүмкүн. Келечек жөнүндө сөз кылганда этият болуңуз.  Кудай калтырган убадаларын жарыялап, сөз менен айтыңыз. Накыл сөздөрдө мындай деп жазылган: “Көп сүйлөгөн адам күнөөгө батпай койбойт. Тилин тыйган адам – акылдуу адам”. Демек, эмне сүйлөштү, качан сүйлөштү билсеңиз, сөзүңүздү башкара билсеңиз, сиз көп көйгөйлөрдүн алдын аласыз.Терс таасирин тийгизе турган сөздөрдөн качыңыз жана бата алып келе турган гана, тирилте турган гана сөздөрдү курал кылып алыңыз. 

 


Ой-пикирлер...
Көрсөтүү үчүн ой-пикирлер жок

Ой-пикир калтыруу...
Ыйса менен жолугушуу

Акыркы макала

Кудай атадан кат

Толук маалымат...

Тез шилтемелер


© 2014-2025 Ayanisa