• Башкы бет
  • Сабактар
  • Макалалар
  • Ыйса менен жолугушуу
  • Биз менен байланышыңыз

керемет
0:00

Радио угуу

...же...

Сакталган макалалар

Февраль 2024
Январь 2024
Декабрь 2023
Ноябрь 2023
Октябрь 2023
Сентябрь 2023
Август 2023
Июль 2023
Июнь 2023
Апрель 2023
Март 2023
Февраль 2023
Январь 2023
Декабрь 2022
Ноябрь 2022
Октябрь 2022
Сентябрь 2022
Август 2022
Июнь 2022
Май 2022
Май 2018
Январь 1970

This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.


Ыйса Ким?

Ыйса Ким?

09 Март 2023

 

Ыйса Ким?

Көп адамдар Ыйса жөнүндө билбеген адамдардан уккан маалымат менен эле чектелишет. Башкалар диний агымдардын көз карашынан чыкпай, карманышат.

      Эч нерсе жаратыла электе, Ал асманда болгондуктан, Кудай бардык нерсени жаратып жатканда катышкандыктан Ал Кудай Уулу деп аталган. Адамзат күнөө кетирип, өлүмгө, Кудайдан түбөлүк ажыроо коркунучуна туш болгондо, адамдарды куткаруу үчүн Жаратуучу Ыйсаны адам денесинде, адамдык табиятта жерге жиберген. Ошондуктан Ага Адам Уулу деген ысым берилген. Кудай Уулу деген ысым анын Кудайлык табиятка ээ экенин айтып турат.

 

  1. Ал эч нерсе жаратыла электе бар болгон. Биринчи далил: Колостуктарга жазылган кат 1, 15 – 17: «Ал көрүнбөс Кудайдын бейнеси, эч нерсе жаратыла электе эле Ал бар болгон. Анткени асмандагы жана жердеги көрүнгөн жана көрүнбөгөн бардык нерселер: тактылар да, үстөмдүк кылуучулар да, башкаруучулар да, бийликтегилер да Ал аркылуу жаратылган, бардык нерсе Ал аркылуу жана Ал үчүн жаратылган. Ал бардык нерседен мурун бар болчу жана бардык нерсе Ал аркылуу бар болуп турат».

 Жаратууга катышуу, анын Ээси болуп, аларды кармап туруу Анын Кудайлык табиятын көргөзүп турат.

 

  1. Анын кылган иштери да Анын ушул табиятын тастыктайт. «...Себеби Атамдын Мага тапшырган иштери – Менин кылып жаткан иштерим. Мени Атам жибергенин күбөлөндүрөт» ( Жакан 5, 36).

«Кудай бул дүйнөнү абдан сүйгөндүктөн, Өзүнүн Жалгыз Уулун берди, Кудай Аны Ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди» (Жакан 3, 16).

Кудайдын тапшырмасын аткарып адамдардын күнөөсү үчүн Ыйса адамдык табиятты алып өлүүсү керек болчу. Ошол табиятты толук кабыл алып, адам болгондуктан Ал Адам Уулу деп аталды.

 «Мен Өз жанымды беремин, ошон үчүн Атам Мени жакшы көрөт. Менден аны эч ким тартып албайт. Мен аны Өзүм берем. Аны берүүгө жана кайра алууга бийлигим бар. Бул осуятты Мен Атамдан алгам» (Жакан 10, 17 – 18).

Ыйса «Өз жанымды беремин» деген сөзүндө толук адамдык табиятка моюн сунуп, адамдардын күнөөсү үчүн адамдардай кыйналып, азап чегип өлгөнгө даяр экенин билдирди. Голгофа дөбөсүндө айкаш жыгачка кадалып өлөөрүн билген Ыйса Кудайга сыйынып мындай деди: Ыйса асманды карап, мындай деди: «Ата! Убагы келди. Уулуңду даңкта. Уул да Сени даңктасын. Сен Ага ар бир адамдын үстүнөн бийлик бердиң. Өзүң, Ата, кимдерди берсең, ошолордун баарына Ал түбөлүк өмүр берет. Ал түбөлүк өмүр – жалгыз чыныгы Кудай Сени жана Өзүң жиберген Ыйса Машайакты таануу. Мага тапшырган ишиңди аткарып, Мен Сени жер үстүндө даңктадым. Эми Мени Сен Өз ичиңде даңкта, Ата! Мени дүйнө жаратыла электен мурун эле Сенин ичиңде ээ болгон даңкыма бөлө»( Жакан 17, 1 – 5).

Ыйса өлүмгө даяр экенин билдирүү менен бирге асмандагы мурунку даңкына кайтарын айтып Кудайды даңктады. Бул аркылуу да Ал адамдык табиятты калтырып, Кудайлык табиятына кайрыларын далилдеди. Кудайдын адамдарды кун төлөп куткаруу тапшырмасын Голгофа дөбөсүндө азап чегүү менен коштолгон өлүм менен аткарды. Айкаш жыгачтагы акыркы сөзү: «Аткарылды»,- деп жарыяланды.

Жакан 19, 30: Ыйса «Аткарылды», - деди. Анан Анын башы “шылк” дей түштү. Ошентип Ал жан берди.

 

  1. Ыйсанын өлүүсү Ал адамдык табиятка ээ болгонун билдирсе, Анын тирилүүсү Кудайлык табиятка ээ экенин күбөлөндүрдү. Тирилгенден кийин Ыйса шакирттерине көрүнүп, мындай деп бекемдеди: «Силер менен бирге жүргөнүмдө, Мен силерге “Тоорат”, “Пайгамбарлар” жана “Забур” китептеринде Мен тууралуу жазылгандардын бардыгы орундалышы керек деп айтпадым беле...Ыйык Жазууда: “Машайак азап чегип өлүп, үчүнчү күнү тирилиши керек. Бардык элдерге күнөөлөрү кечирилиши үчүн тобо кылуу Анын ысымынан жарыяланышы керек”, - деп жазылган . Буга силер өзүңөр күбөсүңөр, - деди». (Лука 24, 44)

Күнөөсүнөн кечирим алгысы келген адам: “ Кудай, Ыйса менин күнөөм үчүн өлгөнүнө ишенем, мени Ыйсанын иши аркылуу кечир”, - деп сыйынса кечирилет. Тобо кылуу жолу ушул.

Ким ишенип, сыйынса кечирилет. Ким ишенбесе Кудай сөзү мындай дейт: «Мени четке кагып, сөздөрүмдү кабыл албаган адам үчүн сот бар: Мен айткан сөздөр аны акыркы күнү соттойт” (Жакан 12, 48). Эрк өзүңдө.

 

 


Ой-пикирлер...
Көрсөтүү үчүн ой-пикирлер жок

Ой-пикир калтыруу...
Ыйса менен жолугушуу

Акыркы макала

Кудай атадан кат

Толук маалымат...

Тез шилтемелер


© 2014-2025 Ayanisa