• Башкы бет
  • Сабактар
  • Макалалар
  • Ыйса менен жолугушуу
  • Биз менен байланышыңыз

керемет
0:00

Радио угуу

...же...

Сакталган макалалар

Февраль 2024
Январь 2024
Декабрь 2023
Ноябрь 2023
Октябрь 2023
Сентябрь 2023
Август 2023
Июль 2023
Июнь 2023
Апрель 2023
Март 2023
Февраль 2023
Январь 2023
Декабрь 2022
Ноябрь 2022
Октябрь 2022
Сентябрь 2022
Август 2022
Июнь 2022
Май 2022
Май 2018
Январь 1970

This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.



Аялзатына кайрылуу 2

05 Январь 1970

Сөзүбүздү уланталы. Баарыбыз адамды дарак сымал элестете алдык болуш керек. Эми болсо жогоруда айтып кеткен Сулаймандын Накыл Сөздөрүндөгү аял жонүндө окуйлу. Накыл 31:10-30: "Ким жакшы аял таба алат? Анын баасы асыл берметтерден да жогору. Ага күйөөсүнүн жүрөгү ишенет, күйөөсү кирешесиз калбайт. Ал күйөөсүнө өмүрү өткөнчө жамандык менен эмес, жакшылык менен гана кайтарат. Ал жүн, зыгыр буласын өндүрөт, өз колу менен чын жүрөктөн иштейт. Ал аял соодагерлердин кемелерине окшоп, өзүнүн нанын алыстан табат. Ал таң ата электе эле туруп, үйүндөгүлөргө тамак берип, күңдөрүнө белгиленген иштерди тапшырат. Жер алгысы келсе, ага да ээ болот. Өз колунун жемиши менен жүзүмзар отургузат. Белин бекем бууп, булчуңдарын чыңайт. Ал өз ишинин жакшы экенин сезет, анын чырагы түн ичинде да өчпөйт. Колун жип ийрүүчү чарыкка сунат, колуна ийик алат. Жардыларга алаканын ачат, муктаж болгондорго колун сунат. Суук болгондо үй-бүлөм үшүйт деп коркпойт, анткени анын бүт үй-бүлөсү эки сыйрадан кийим кийген. Ал өзүнө килем согот, ак мата менен кызыл шайыдан кийим киет. Анын күйөөсү – кадырлуу адам, дарбаза алдында уруу аксакалдары менен отурат. Ал жабуу жасап сатат, финикиялык соодагерлерге кур жеткирет. Күч менен сулуулук – анын кийими, ал келечекке кубанычтуу карайт. Акылмандык менен сүйлөйт, момундук менен акыл-насаат айтат. Ал өзүйүндөгү чарбасына көз салат, бекер тамак жебейт. Балдары туруп, аны сыйлашат, күйөөсү туруп, аны мактайт: «Жакшы аялдар көп болгон, бирок сен алардын баарынан ашып түштүң». Сүйкүмдүүлүк алдап кетет, сулуулук өтүп кетет, бирок Теңирден корккон аял мактоого татыктуу."

  • Акылмандуулук
  • Эмгекчилдик
  • Камкор
  • Ишенимдүүлүк
  • Кубаныч ж.б.у.с эң сонун сапаттарга ээ.

Бардык эле аялзаты ушундай болууга аракет кылып, умтулат болушубуз керек? Ал үчүн:

  • Мен эрте турушум керек
  • Жардам беришим керек
  • Спорт менен машыгышым керек
  • Моюн сунуу жана акылмандуулук менен иш алып барышым керек
  • Курбуларыма ишенимдүү болушум керек ж.б.

Өзгөчө басым жасасак сүйкүмдүүлүк алдап кетет, сулуулук өтүп кетет, бирок Теңирден корккон аял мактоого татыктуу." Мындай аялзаты жөнүндө Кудай Сөзү анын баасы асыл берметтерден да жогору дейт. Эми болсо таптакыр башка сүрөттөмөгө көңүл бурсак. Төмөндөгү суроолорго жооп берсек.

  • Сизди капа кылганда, таарынганда, басынтканда эмне кыласыз?
  • Сиз чарчаганда, бирөө келип өтүнүч менен “Ушул нерсени кылып берчи?” деген учурдачы?
  • Таң атты, коңгуроо шаңгырады. Уйку канбай калды, бирок туруш керек. Бул учурда кантесиз?
  • Окууда, жумушта, үй-бүлөдө баары сиздин көңүл бурууңузду каалашат. Мындай абалдачы?
  • Жашооңузда дайыма эле карызга сурай берген адам бар. Дагы сурап келди. Эмне кыласыз?
  • Эң маанилүү нерсени өткөрүп жибердиңиз, кандайдыр бир тоскоолдуктар болуп. Бул учурдачы?
  • Курбуңуз бардык жактан ийгиликке жетип жатат. Буга кандай карайсыз?

Башындагы сүрөттөмө менен ичибизден жооп берген суроолорду салыштырып көрсөк?

Бардык учурларда чыныгы Кудайдын сөзүндө сүрөттөлгөн аялдай болууга аракет кыла алабыз. Ыйса Машайак жардам бергенди дайыма каалайт, эгерде сиз аны чын жүрөктөн кааласаңыз.

Уландысы кийинки макалада...

 Картинки по запросу букеты цветов

 

 


Ой-пикирлер...
Көрсөтүү үчүн ой-пикирлер жок

Ой-пикир калтыруу...
Ыйса менен жолугушуу

Акыркы макала

Кудай атадан кат

Толук маалымат...

Тез шилтемелер


© 2014-2025 Ayanisa