• Башкы бет
  • Сабактар
  • Макалалар
  • Ыйса менен жолугушуу
  • Биз менен байланышыңыз

керемет
0:00

Радио угуу

...же...

Сакталган макалалар

Февраль 2024
Январь 2024
Декабрь 2023
Ноябрь 2023
Октябрь 2023
Сентябрь 2023
Август 2023
Июль 2023
Июнь 2023
Апрель 2023
Март 2023
Февраль 2023
Январь 2023
Декабрь 2022
Ноябрь 2022
Октябрь 2022
Сентябрь 2022
Август 2022
Июнь 2022
Май 2022
Май 2018
Январь 1970

This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.



Сурагыла, ошондо силерге берилет...

05 Январь 1970

“Сурагыла, ошондо силерге берилет. Издегиле, ошондо табасыңар. Тыкылдаткыла, ошондо силерге эшик ачылат. Анткени сураган адам алат, издеген адам табат жана тыкылдаткан адамга эшик ачылат” (Матай жазган Жакшы Кабар 7, 7 – 8).

Кудай бар экендигин кантип билүүгө болот?

         Жер жүзүндө кандайдыр бир Кудайга, сыйкырдуу күчкө (рухка) же өздөрүнүн түшүнүгүнөн сырткары турган бир нерсеге ишенбеген бир да эл, бир да уруу жок. Бул өз алдынча бөлүнүп жашаган, башка маданияттарга жуушпаган, айрыкча Жакшы Кабарды билбеген урууларга да тиешелүү. Эмне үчүн мындай? Баарыбыз көзгө көрүнүп турган нерселерден көзгө көрүнбөгөн Жаратканга ыклас буруу жөндөмдүүлүгүнө ээбиз. Автомобиль, саат, жада калса, топчу же кнопка өзүнөн өзү пайда болуп калганына эч ким ишенбейт. Ошондуктан Пабыл Жаңы Келишимде мындай деп жазат: “Дүйнө жаратылгандан бери Кудайдын көзгө көрүнбөгөн табияты: түбөлүктүү күчү жана кудайлыгы Анын жараткан нерселерин карап чыгуу аркылуу көрүнөт. Ошондуктан бул адамдар актана алышпайт”(Рим. 1, 20). Жаратылыштан гана биз Кудай бар экендиги жөнүндө , Анын ой жөндөмүнүн байлыгы жана күчү жөнүндө жыйынтык чыгарсак болот, бирок Анын мүнөзү (Анын сүйүүсү, ырайымдуулугу, боорукердиги) жөнүндө билүү мүмкүн эмес. Ошон үчүн бизге Библия берилген.

 

Эмне үчүн Кудайды көз менен көрүү мүмкүн эмес?

         Адам ата менен Обо эне – Кудай жараткан биринчи кишилер Аны менен сүйлөшүп жашашчу, Аны жүзмө – жүз көрө алышчу.Күнөө адамды Кудайдан бөлүп салган. Кудай ыйык, Ал ар бир күнөөнү жек көрөт, ошондуктан Аны менен болгон алгачкы баарлашуу үзүлүп калган. “Ал - ... адам жетпей турган жарыкта жашаган Кудай” (1 Тим. 6, 16 а), ошондуктан биз Ага өлгөндөн кийин, Анын жайына  киргенде гана кезигебиз. Ал жакка Ыйса Машайак аркылуу гана кирүүгө болот: “Атама Мен аркылуу гана барууга болот, Менсиз эч ким бара албайт” (Жакан 14, 6б).

Картинки по запросу христианские картинки


Ой-пикирлер...
Көрсөтүү үчүн ой-пикирлер жок

Ой-пикир калтыруу...
Ыйса менен жолугушуу

Акыркы макала

Кудай атадан кат

Толук маалымат...

Тез шилтемелер


© 2014-2025 Ayanisa