This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.
Кудай бизге, адамдарга, ааламдын эң улуу китебин, жаратылыш китебин жазып берген. Биз аны окуганда, ага суктанбай, падыша Дөөт менен бирге: “ Асман Кудайдын даңкын жар салып жатат, аалам Анын колдору жасаган иштерди кабарлап жатат. Күн күнгө сүйлөп, түн түнгө билим берет. Алардын үнүн укпаган бир да эл, бир да улут жок...алардын сөзү аалам чегине жетет”, - деп айтпай кое албайбыз (Заб. 96 жана 18).
Кудайдын жаратылыш китеби улуулугу, толук айкалышуусу, тартиби, акыл жеткистиги менен бизди таң калтырат. Биздин чектелүү акылыбыз ааламдын чексизидигин ойлогондо, апкаарып калат, аны түшүнө албайт, акылына сыйдыра албайт. Биз сыяктуу карапайым адамдар эле эмес, илим да ааламдагы көптөгөн кубулуштарды түшүнө да, түшүндүрө да албасын мойнуна алат. Илим үчүн негизги кыйынчылык ааламдын жаралышы, материянын жана асман телолорунун пайда болуусу жөнүндөгү суроолор болуп саналат. Сан жеткис галактикалар, жылдыздар, кометалар, метеориттер, топ жылдыздар ж. б. кантип пайда болгон? Бул суроолорго жооп бере албасын моюндарына алууга чыныгы окумуштуулардын кайраты жетет.
Илимге таянганды жакшы көргөн билими аз көптөгөн адамдар үчүн космостогу сырларды түшүндүрүп берүү эч кандай кыйынчылык туудурбасы таң калычтуу эмеспи? “Материяны, мейкиндикти, планеталарды ким жараткан?” деген суроого алар бир сөз менен:
- Жаратылыш! – деп жооп беришет.
- Жаратылышты ким жараткан?
- Жаратылыш өзүн өзү жараткан!
- Эгер жаратылыш өзүн өзү жараткан болсо, демек, ал жок болгон учур болгон экен да? Эгер жаратылыш жок болсо, анда ал өзүн кантип жараткан?
Библияда көзүбүзгө көрүнбөгөн адамдын Жаратуучусу “Анын жараткан нерселерин карап чыгуу аркылуу” көрүнөрү жазылган (Рим. 1). Ошондуктан Ал адамдарга: “Башыңарды көтөрүп, асманды карагыла, аны ким жаратты?” – деп, суроо узатат (Ыш. 40).
Асман телолорунун кыймылын карап туруп, Коперник мындай деген: “Жаратуучунун ачылышын суктана карайм!”, Кеплер: “Кудайдын ойлорун окуйм!”, Гете: “Көрүнбөгөн Кудайды көргүң келсе, көрүнгөн нерселерди кара”, Кант: “Мен эки нерсеге: үстүмдөгү жылдыздуу асманга жана мендеги адеп – ахлак мыйзамына таң калып бүтпөйм, урматтоо сезими улам артат”, - деген.
Биздин күн жана аны айланып жүргөн тогуз планета өтө татаал түзүлүштүн – галактиканын- эбегейсиз жылдыздар системасынын арзыбаган эле бир бөлүгү болуп саналат. Күн жана жерди камтыган бүт планеталар системасы ошол галактикага таандык. Биздин галактика Саманчынын жолу системасы деп да аталат.
Ааламдын эбегейсиз чоңдугун элестетүү үчүн, биздин эле галактиканын жылдыздарын жерде жашоочулардын ар бирине таратып бере турган болсок, зор асман чырактары ар бирибизге 40 – 50 дөн тиймек. Биздин эле галактиканын жылдыздарын бөлүштүргөндө ушундай болсо, бүт ааламдагы бардык галактикалардын жылдыздарын бөлүштүрсө эмне болот?
Б. А. Воронцов – Вельяминовдун астрономия боюнча окуу китебинен мындай сөздөрдү окуйбуз: “Ааламда убакыттын да, мейкиндиктин да чеги жок. Анын башталышы болгон эмес, акыры да болбойт, ал дайыма болгон жана боло берет. Ушунун баары бүтүндөй ааламга, тагыраак айтканда, ааламды түзгөн материяга таандык”. Буга эмне деп айтууга болот?
Атеист окумуштуулар Жаратуучунун акылман ойлорунун акыл жеткистигин, өздөрүнүн көп учурда маанисиз теорияларынын маанисиз экендигин моюндарына алгылары келбейт.
“Теңир, Сенин ырайымың асманга чейин жетет, Сенин ишенимдүүлүгүң булуттарга чейин жетет” ( Заб. 35, 6).