• Башкы бет
  • Сабактар
  • Макалалар
  • Ыйса менен жолугушуу
  • Биз менен байланышыңыз

керемет
0:00

Радио угуу

...же...

Сакталган макалалар

Февраль 2024
Январь 2024
Декабрь 2023
Ноябрь 2023
Октябрь 2023
Сентябрь 2023
Август 2023
Июль 2023
Июнь 2023
Апрель 2023
Март 2023
Февраль 2023
Январь 2023
Декабрь 2022
Ноябрь 2022
Октябрь 2022
Сентябрь 2022
Август 2022
Июнь 2022
Май 2022
Май 2018
Январь 1970

This is this sidebar for a particular page. It can be edited by editing a page from within the control panel.


Сүйүү таптым...

Сүйүү таптым...

20 Декабрь 2022

Сүйүү таптым, бүт сүйүүдөн өзгөчө,

Бул сүйүүнү көптөр билбейт дүйнөдө.

Сүйүү таптым, өңү эч качан өчпөгөн,

Сүйүү таптым, түбөлүккө өтпөгөн.

Сүйүү таптым, берген сайын көбөйүп,

Бекемделип, гүлдөгөн да, көктөгөн.

 

Сүйүү таптым, бүт сүйүүдөн башкача.

Сүйүү таптым, ысык, ыйык, таптаза.

Сүйүү таптым, эч кимге  да, эч качан,

Карабаган даража, шарт, акчага.

Соодалашпай, эсептешпей, күтпөстөн,

Сүйүү билүү – чынында эле башкача...

 

Сүйүү таптым, бүт сүйүүдөн жеткилең,

Адам затын өлбөстүккө жеткирген.

Ооздуктаган оору, азап, арманды,

Оттой жалмап, жалтанбаган эч кимден.

Тапкан сүйүүм үмүт берип жашоомо,

Таңым атты, тагдырыма кеч кирген.

 

Сүйүү таптым, көп кырдуу, көп жагы бар,

Сүйүү таптым, күндөн ысык табы бар.

Тоскоолдорду багынта алган, талкалап,

Көйгөйлөрдү көгөндөчү алы бар.

 

Сүйүү таптым, батпас күнү, таңы бар.

СҮйүү таптым, айтып бүткүс даамы бар.

Сүйүү таптым, түгөнбөгөн, чалкыган,

Сүйүү таптым, дене, рух, жан балкыган.

 

Баалуу болгон бардык кадыр баркыңан,

Сүйүү таптым, кымбат турган алтындан.

Тапкан сүйүүм – Жараткандын сүйүүсү,

Ал сүйүүдөн аалам түгөл жаркыган.

 

Мындай сүйүү көрдүң беле деги сен?

Мүмкүн сени тагдыр калчап, жериген?

Үмүт үзүп койгондурсуң кол шилтеп,

Бакыт күтпөй эртең келечегиңен.

Анда келгин, жетик сүйүү сырларын

Айтып берем бүгүн, анын ээси – мен.

 

Рух, дене, жан дүйнөнү балкыткан,

Төгөрөгү төп келишкен – айкалыш.

Билгиң келсе ал сүйүүнү замандаш.

Мени менен сөзсүз түрдө байланыш.


Ой-пикирлер...
Көрсөтүү үчүн ой-пикирлер жок

Ой-пикир калтыруу...
Ыйса менен жолугушуу

Акыркы макала

Кудай атадан кат

Толук маалымат...

Тез шилтемелер


© 2014-2025 Ayanisa